Перейти на новый сайт

Таиландда, Панамада жана Филиппиндерде MegaCom ыңгайлуу роуминги менен саякатта

Таиландда, Панамада жана Филиппиндерде MegaCom ыңгайлуу роуминги менен саякатта

Жашоосун саякатсыз элестете албаган абоненттер үчүн MegaCom компаниясынан мыкты жаңылык! Эми  AWN (Таиланд) операторунун түйүнүндө  жакын адамдарыңыз менен байланышта болуу мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды. Cable&Wireless (Панама), Smart Communications (Филиппиндер), Vodafone (Мальта) жана  VM S.A. (Мозамбик) түйүндөрүндө да камтуу аймагы кеңейтилген.

Абоненттер роуминг-өнөктөштөрдүн байланыш түйүндөрүндө кийин төлөнүүчү , алдын ала төлөнүүчү  роуминг жана  жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет   кызматтары менен өз номурун алмаштырбастан эле колдоно алышат.

Таиланд, Филиппиндер жана Панама – өзгөчө аба ырайы, жылуу суусу, ажайып  жаратылышы менен эс алуучуларды өзүнө тартып турган экзотикалык өлкөлөр. Саякатка барган алдыңкы уюлдук оператордун абоненттери, адаттагысындай эле,  социалдык түйүндөргө жана мессенджерлерге кирип, интернет сайттарды барактап, электрондук почтасын текшере алышат жана, эң башкысы, миллиондогон  чакырым аралыктан көзкарандысыз жагымдуу таасирлери менен  бөлүшө алышат. 

Таиландда Кыргызстандын бардык номурларынан чыккан жана кирген чалуулардын наркы мүнөтүнө – 40 сомду, SMS – 5 сомду, ал эми MegaCom абоненттери үчүн мобилдик интернеттин наркы болгону 5 сомду түзөт. Филиппиндер тууралуу айта турган болсок, кирген чалуу үчүн  50 сомду, Мальтада жана Мозамбикте 45 сомду түзөт.

Алыскы сапарга жол тартаардан мурда, компаниянын  Сатуу жана тейлөө борборлоруна  кайрылуу менен, MegaCom роумингин кошуп алыңыз. Роуминг кызматы боюнча өнөктөш -өлкөлөрдүн толук тизмеси менен  megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы