Перейти на новый сайт
MegaCom мектеп окуучулары үчүн экскурсия уюштурду

MegaCom мектеп окуучулары үчүн экскурсия уюштурду 

MegaCom «Жаңы муун» инновациялар мектебинин окуучулары үчүн экскурсия уюштурду. Иш-чаранын алкагында окуучулар компаниянын өзөктүү бөлүмдөрүнө саякат жасап, мобилдик байланыштын иштөө принциптери тууралуу кызыктуу баяндамаларды уга алышты.

Техникалык дирекциянын жана Иштеп чыгуулар бөлүмүнүн адистери жаш жеткинчектерге мега-түйүндүн абоненттеринин ортосундагы байланышты камсыздаган базалык станциялардын иштөө принциптери, жаңы кызматтардын киргизилиши жөнүндө айтып беришти. Кичинекей меймандар тажрыйбалуу адистерге өзүлөрүн кызыктырган суроолорду берип жатышты. 

Кардарларды колдоо кызматына баш баккан  окуучулар компаниянын көп сандаган абоненттеринин суроолоруна ыкчам жооп берип жаткан *500  Call-борборунун  операторлорунун аткарып жаткан жумушуна кызыгуу менен байкоо салып турушту. Экскурсиянын соңунда келген меймандар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, иш-чаранын пайдалуу болгондугун баса белгилей кетишти.

Ачыктык жана тунуктук принциптерине таянуу менен иш алып барган MegaCom компаниясы инновациялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүчүлүк долбоорлорго байма-бай колдоо көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы