Перейти на новый сайт

MegaCom - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун башкы демөөрчүсү

MegaCom - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун башкы демөөрчүсү 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну дүйнө калкынын көңүл борборун ээлеп турган маал. Чолпон-Ата шаарынын ипподрому болуп көрбөгөндөй шаңга бөлөнө турган күндөр да жакындап калды. Салтка айланып калгандай эле, жылдын эң ири спорттук-маданий иш чарасына жер жүзүнүн чар тарабынан көп сандаган көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын – мамлекет башчылардын, илим жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин, ММК өкүлдөрүнүн, этноспортту сүйүүчүлөрдүн, келиши күтүлүүдө. Алыстан ат арытып келген ар бир мейман көчмөндөр турмушу, маданияты менен жакындан таанышууну каалашат.   

Кыргызстандын таанымалдыгын арттырган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун масштабы жылдан-жылга кеңейүүдө. Быйыл 70тен ашуун өлкөдөн келе турган катышуучулар көк бөрү, тогуз коргоол,  кыргыз күрөш, алышуу, аркан тартуу, салбуруун, ат чабыш, жаа атуу жана башка оюндардын түрлөрү боюнча күч сынашат. Кыргызстандын намысын мыкты спортчуларыбыз коргошот. Спорттук таймаштардан тышкары, оюндардын программасында маданий жана илимий иш-чаралар да камтылган. Кырчын жайлоосунда ачыла турган этномаданий шаарчада эл аралык илимий конференция өткөрүлсө, ал эми «Номад» амфитеатрында бардык меймандарды «Көчмөндөр ааламы» эл аралык этнофестивалы күтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алгачкы жолу 2014-жылы өткөрүлгөн. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн оюндарга 19 өлкөнун өкүлдөрү катышкан. Алар: Азербайжан, Австрия, Афганистан, Белорусия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция, Түштүк Корея.  MegaCom компаниясы бул жолу да III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн башкы демөөрчүсү болууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы