Перейти на новый сайт
MegaCom: 4G түйүнүнүн ылдамдыгы артууда

MegaCom: 4G  түйүнүнүн ылдамдыгы артууда

Компаниянын техникалык адистери тарабынан 4G түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүү жумуштары байма-бай аткарылып келет. Маселен, Чүй облусунун Төмөнкү Серафимовка айылында курулган базалык станция аталган айылдын тургундарынын жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдонуусуна мүмкүнчүлүк түзсө,  Бишкек, Ош шаарларында жана ушул эле облустун  Военно-Антоновка айылында аракеттеги базалык станцияларды жаңыртуунун негизинде  4G түйүнүнүн сыйымдуулугу артты. Мындан тышкары,  Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында, Жалал-Абад облусунун  Башкы-Терек айылында, Кара-Көл шаарында, Чүй облусунун Военно-Антоновка, Ак-Кудук жана Хун-Чи айылдарында 2G жана 3G стандарттарындагы базалык станциялар модернизацияланган.

Аткарылган жумуштардын натыйжасында байланыштын сапаты гана жакшыртылбастан, базалык станцияларга болгон жүктөмдөр да азайды. 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G түйүндөрү менен камтылган аймактар тууралуу маалыматты ар бир абонент  Каптоо аймагынын интерактивдүү картасынан  онлайн режимде көрө алат.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы