Перейти на новый сайт

MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) төмөндөгү иштебеген эсептен чыгарылган мүлктү сатуу боюнча тоорук (ачык аукцион) өткөрүү тууралуу маалымдайт:

Лот Фидердин аталышы Саны өлч.бирд.

№1

Кесиндилеринин курамында жез бар фидер кабелдери  (7/8)    

9376

метр

№2

Кесиндилеринин курамында алюминий бар фидер кабелдери  ( 7/8) 

20468

метр

№3

Кесиндилеринин курамында жез бар фидер кабелдери (5/4)

718

метр

№4

Кесиндилеринин курамында жез бар фидер кабелдери (1/2)

2020

метр

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлк төрт лот менен сатылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлктүн баштапкы(старттык) наркы:

  • №1 ЛОТ: 843840 сом.
  • №2 ЛОТ: 573104 сом.
  • №3 ЛОТ: 107700 сом.
  • №4 ЛОТ: 56560 сом

Аукционго катышуу үчүн кызыкдар тараптардан төмөндөгүлөр талап кылынат:

  • баштапкы баадан төмөн болбогон баа көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш;
  • юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн  көчүрмөсү же юридикалык жактын билими жок жеке ишкердик менен алектенген жарандын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Жогоруда аталган документтер «Эсептен чыгарылган фидер кабелин сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн» деген белгилөөсү менен, жана да катышуучунун аталышын көрсөтүү менен конвертке салынган жана чапталган болуусу керек. Документтер «Альфа Телеком» ЖАКтын кеңсесинде Бишкек ш., Сүйүмбаев көч. 123 дареги боюнча 2018-жылдын 28-июнуна саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Конверттер Бишкек ш., Сүйүмбаев көч. 123 дарегинде жайгашкан кеңседе 2018-жылдын 28-июнунда саат 10:00дө ачылат. Аукциондун катышуучулары/алардын өкүлдөрү конверттерди ачууда катыша алышат. Жанында инсандыгын тастыктаган документи болушу зарыл.

Эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу ачык аукциондун жеңүүчүсү болуп табылат. Ачык тооруктун жеңүүчүсү болуп табылган катышуучу, аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин 10 (он) иш күнүнөн кечиктирбестен, сатып алынган мүлк үчүн акча каражатын төгүүсү зарыл.  

Эң жогорку сумманы сунуштаган катышуучу сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда жана/же мүлктүн  баасын төлөбөсө ал катышуучунун сунушу четтетилет, андан кийинки жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

Аукционго катышууга кызыккан жактарга мүлктү алдын ала көрүү сунушталат. Кызыкдар тараптар мүлктү көрүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн реквизиттер аркылуу кайрылышса болот. Мүлктү көрүү күнү жана убактысы түздөн-түз компания тарабынан аныкталат жана бул тууралуу кызыкдар тараптарга  алдын ала билдирилет.

Тооруктун уюштуруучусу  –  «Альфа Телеком» ЖАК. Аукцион, аны өткөрүү тартиби компанииянын www.megacom.kg. сайтында жайгаштырылган. Маалыматты 0555 905040 телефону аркылуу алууга болот.

Уюштуруучу аукциондон каалаган убакытта баш тартууга укуктуу, бирок аны  өткөрүүдөн үч күн мурда, кечиктирбстен, тиешелүү маалыматты сайтка жайгаштыруусу талап кылынат.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы