Перейти на новый сайт
Хайп тарифинин жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Хайп тарифинин жаңы мүмкүнчүлүктөрү

  

MegaCom компаниясынын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунда жана фирмалык салондорунда, ичинде SIM-карталары бар белек кутучалары сатыкка чыкты. “Эмнеге белек?” деген суроо пайда болушу мүмкүн. Анткени, кутучадан номур алган абоненттер мега үнөмдүү “Хайп” тарифине дароо кошулуу менен автоматтык түрдө «Cash Back белекке» акциясына катышып, 1440 сомго чейинки суммадагы кепилдүү түрдө акча каражатына ээ боло алышат. Ал кантип ишке ашырылат? Бул жөн гана жарнамабы же чындыкпы? Мына ушул суроолорго MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев жооп бермекчи.

- Нурбек мырза, Cash Back деген эмне?

- Бул сөздү сөзмө-сөз которгондо «накталай акчаны кайтаруу»-деген түшүндүрмөнү берет. Баардык кэшбектин негизги принцибин аталалышы айтып тургандай, сиз SIM-карта сатып алсаңыз, мобилдик оператор төлөгөн акча каражатыңыздын бир бөлүгүн кайтарып бермекчи. Бул учурда биз абоненттерге номур сатып алып, “Хайп” тарифине 6 айга кошулуу менен акча каражатын кайтарып алууну, жагымдуу бонустарга ээ болууну сунуш кылмакчыбыз.

- Абоненттерге канча сумманы кайтарып бере аласыздар?

- Кайтарылган акча каражаттын суммасы тандалган топтомго көз каранды. Анткени “Хайп” тарифинде 3 топтом бар. Мисалы, абонент эң аз болгон S топтомун тандоо менен алдын ала 6 айга жазылуу акысын төлөйт. Мындай учурда абонент эсебине 300 сом кайтарылып берилет. Эгер M топтомун тандаса кайтарылган сумма 700 сом болот. Ал эми эң көлөмдүү L топтомун тандоо менен алдын-ала 6 айга жазылса, 1440 сом кайтарылып берилет. Кайтарылган акча каражаты абоненттин балансына толукталат, кийин абонент кайтарылган каражатты мобилдик байланыш кызматтарына сарптай алат.

- Кошумча бонустар тууралуу айта кетсеңиз. Бонустардын артыкчылыгы эмнеде?   

- Акциянын баардык катышуучуларына 755 кодундагы акы төлөнүүчү категориядагы номурдарды сатып алуу үчүн кошумча арзандатуу берилет. Арзандатуунун көлөмү кошулган топтомго жараша 20%, 30% же 40% болот. Мисалы, 7500 сомдук платина номурун арзандатуу менен 4500 сомго алууга болот. Ал эми  алтын номурлар арзандатуусуз 3000 сом болсо, акциянын катышуучулары аны 1800 сомго сатып ала алышат.

 - Компания үчүн да, абоненттер үчүн да кэшбектин кандай пайдасы бар?

-Компания үчүн 1-кезекте - “Хайп” тарифине жаңы кардарларды тартуу. “Хайп”- бул, мобилдүү интернетти активдүү колдонгондор үчүн абдан ыңгайлуу тариф. Анда ири көлөмдөгү 20, 50 жана 100 ГБ трафик бар болгондуктан, фильм жана сериал көрүүгө, жүздөгөн ырларды көчүрүүгө, социалдык тармактарда нон-стоп режиминде баарлашууга болот. Буга кошумча тармак ичинде мүнөттөр, SMS-билдирүүлөр о.э. «Одноклассники» социалдык тармагында интернет-трафик акысыз көрсөтүлөт.  

Тарифтин жогорудагы аталган баардык артыкчылыктарын эске алууда, абоненттер үчүн абдан ыңгайлуу сунуш болмокчу. «Cash Back белекке»  акциясынын катышуучулары “Хайп” тарифине кошулуу менен кайтарылган акча каражатына балансын толуктай алышат. Баардык артыкчылыктарды эске алганда, кэшбек-бул бонустук программа болмокчу.

«Cash Back белекке» акциясы MegaCom компаниясынын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунда 2018-жылдын 31-августуна чейин аракетте болот. Баардыгыңыздарды мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууга чакырам.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы