Перейти на новый сайт
MegaCom өлкөбүздүн бардык аймагында 4G түйүнүн кеңейтүүдө

MegaCom өлкөбүздүн бардык аймагында 4G түйүнүн кеңейтүүдө

MegaCom компаниясы, байланыш сапатын жакшыртуу максатында, каптоо аймагын кеңейтүүгө багытталып, мерчемделген техникалык иштерин жүргүзүүдө. 2018-жылдын башынан тарта, Кыргызстандын бардык облустарында 100дөн ашуун калктуу конуштарда жаңы базалык станциялар ишке киргизилген. Жаңыдан орнотулган жабдуулар арасында 4G жаңы муун байланыш стандарты жана 2G жана 3G байланыш түйүндөрү ишке киргизилген. Жабдууларды жаңылоо иштеринин  натыйжасында алыскы айылдар сапаттуу байланыш менен бирге жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет камсыздалган.

Компаниянын адистери учурда уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүп жаткан базалык станцияларды жаңыртууга өзгөчө көңүл буруп келет. Аталган жааттагы аткарылган иштердин натыйжасында, борбор калаабыздын, түштүктөгү Ош жана Кара-Суу шаарларынын тургундары, 4G стандартындагы байланыштын сапаты белгилүү деңгээлде жогорулаганын белгилешүүдө. Ошондой эле Нарын облусунун Жумгал районундагы Мин-Куш шаарчасында 3G байланыш түйүнүнүн сыйымдуулугу кеңейтилген.

Учурда өлкөбүздүн тургундарынын жалпы санынан 99 пайызы MegaCom мобилдик түйүнүнүн кабыл алуу аймагында жашап келет. Компаниянын сайтындагы түйүндүн каптоо интерактивдүү картасы менен таанышыңыз, бул жерден жакынкы базалык станциялардын сигнал деңгээлин көрүүгө жана 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G байланыш түйүнүн каптоосу жөнүндө маалыматты алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы