Перейти на новый сайт

MegaCom: 12 жыл бирге

MegaCom: 12 жыл бирге 

2006-жылдын 28-апрели MegaCom компаниясынын  тарыхында  кызыл сызык менен өтүп турат, башкача айтканда дал ушул күнү  мега-түйүн коммерциялык ишке киргизилип, пайдубалы түптөлгөн. MegaCom миллиондогон  адамдарды бириктирип, саналуу секундалардын ичинде зарыл болгон маалыматтарды табууга көмөктөшүп, баарлашуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп келет.

 Кыргызстандын 3 миллиондон ашуун тургундары  ири мобилдик оператордун абоненттери. Өзүнө артылган зор ишеничти татыктуу актоо максатын көздөгөн компания  абоненттердин мүдөөсүнө төп келген жаңы сервистерди, кызматтарды, тарифтерди байма-бай сунуштоодо.

Өнүгүү жолунда

Акыркы жылдары сапат жаатында жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу багытында чоң секирик жасалды. 2016-жылы ишке киргизилген  4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясы бүгүнкү күндө мекенибиздин ири калктуу конуштарында жеткиликтүү болуп, MegaCom 4G LTE интернетинин каптоо аймагы күндөн-күнгө кеңейип келүүдө.

Компаниянын тарых барактарын артка барактап, 12 жыл мурда ишке ашырылган   саамалыктар,   техникалык жетишкендиктер  жана кыйынчылыктар тууралуу MegaCom компаниясынын техникалык директору, байланыш чөйрөсүндө 30 жылдык стажы бар, иш билги жетекчи Батырбек Джумабеков өз ойлору менен мындайча  бөлүшө кетти:

«Өлкөбүздүн ири шаарларында орнотулган саналуу гана базалык станциялары бар MegaCom жаңы түйүнүнө биринчи эле жылы  100 000 абонент кошулган. Бир жылдан кийин абоненттердин саны беш эсеге көбөйсө, ал эми дагы бир жылдан кийин абоненттик база жарым миллионду түзгөн. Телекоммуникация чөйрөсүнө жаңыдан баш бага баштаган уюлдук операторго көрсөтүлгөн  ишеним ийгилик чыйырына жаңыдан түшкөн жаш компания үчүн  шыктандыргыч күч болду десек болчудай».

Чындыгында эле, кыска убакыттын ичинде  Кыргызстандын аймагы боюнча жүздөгөн базалык станциялар орнотулуп, жаңы тарифтер, кызматтар, опциялар ишке киргизилип, ал эми  «Толкун» жана  «Хит» тарифтик пландары ишке киргизилген күндөн тарта эле абоненттердин мүдөөсүнө төп келген. Бул ийгиликтүү ишмердүүлүктүн башаты эле.

3G түйүнүн жайылтуу ата мекендик мобилдик оператордун ири долбоорлорунун бири. Аталган түйүн шаарларда, айылдарда, алыскы калктуу конуштарда да жеткиликтүү болуп калды. Өлкөбүздүн калктуу аймагынын  81% га чамалуу аймагы 3G, ал эми  50%га чейинки аймагы 4G менен камсыз болду. MegaCom Кыргызстандын калктуу аймагын  99% га чейин сапаттуу байланыш менен камсыздоо боюнча көч башында. Трафиктин ылдамдыгын жогорулатуу жана жаңы технологияларды ишке киргизүү жумуштары тынымсыз аткарылып келүүдө.

 2017-жылдын соңунда  MegaCom алгачкы онлайн-аукциондо жеңүүчү болуп табылып,  1800 МГц диапазонунда радиожыштыктарды колдонуу укугуна ээ болду. Бул радиожыштыктар түйүндүн сыйымдуулугун эки эсеге жогорулатуу үчүн  колдонулмакчы.

Техникалык жаатта аткарылып жаткан маанилүү долбоорлордун бири – бул була-оптикалык байланыш линиясынын курулушу. Республика боюнча жеке БОБЛдын ишке киргизилиши менен, MegaCom абоненттерине жаңы уникалдуу кызматтарды сунуштай алат.  

Мыктынын мыктысы абоненттерге

2017-жылы MegaCom  абоненттери заманбап кызматтардын түркүмүнө баа бере алышты. Маселен, күндөргө бөлүнбөстөн берилүүчү мобилдик интернеттин болуп көрбөгөндөй көлөмү менен «Элдик Интернет» тарифтик планын алалы. Компаниянын ар бир абоненти өзүнө ыңгайлуу 4G LTE топтомун тандап алса болот.

 Mega iTV сервиси – бул мобилдик телеберүү. Кыргызстандын, Орусиянын  жана чет өлкөлөрдүн  телеканалдары смартфонуңузда.

 MegaChat  жаңы мобилдик тиркемеси жакындарыңыздан виртуалдык номурга акысыз чалууларды кабыл алууга жана дүйнө жүзүнүн каалаган жеринде болсоңуз да чаттарда билдирүу алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 MegaPay сервиси – өз телефонуңуздан электрондук капчыктан товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүп, которууларды ишке ашыра аласыз.

 2018-жылдын жаз айы «Хайп» тарифи ишке киргизилип, абоненттердин өзгөчө жаштардын болуп көрбөгөндөй кызыгуусун жаратты.  

««Хайп» тарифи  мобилдик байланышты  жигердүү колдонгондор үчүн мыкты табылга болду. Ал интернет-трафиктин абдан чоң көлөмүн сунуштайт: ай сайын төлөнүүчү төлөм  үчүн 20 ГБ, 50 ГБ жана  100 ГБ, суткасына 24 саат бою акысыз мүнөттөр, SMSтер жана «Одноклассники» сайтына акысыз трафик. Тарифтин алкагында учурдагы айдагы интернеттин көлөмдөрү күйүп кетпестен, кийинки айга өтөт. Колдонуучулар интернет-трафикти ашыкча колдонуп аламбы деп кам санабай койсо да болот, көлөмдөр аяктаганда же абоненттик төлөм төлөнбөй калган учурда тарифте интернетти  бөгөттөө  функциясы каралган. «Хайптын» алгачкы колдонуучулары тарифтин артыкчылыктарына баа бере алышты», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев.

Ишкер чөйрө да MegaCom байланышын тандайт. Кыска убакыттын ичинде 3000 ден ашык уюм, компаниялар жана ишканалар MegaCom компаниясынын корпоративдик абоненттеринин катарын толуктап, MegaComду байланыш оператору катары тандашты.

Убакыт сынынан өткөн ишенимдүүлүк

MegaCom өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген жылдардын ичинде бир нече ирет мыкты уюлдук компания болуп табылгандыгы коомчулукка маалым. «Мыкты салык төлөөчү» ардактуу наамына  да татыктуу. Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке  тиешелүү ата мекендик  уюлдук оператор түшкөн ар бир сомунун эсебинен өлкө бюджетине салык төлөйт.  2017-жылы салык, камсыздандыруучу жана дивиденддер түрүндөгү милдеттүү түрдө төлөнүүчү төлөмдөрдөн тышкары мамлекеттин казынасына  5   миллиарддан ашык сумма которулган. 

«Компаниянын ийгилиги – бул абоненттер тарабынан артылган ишеним. Абоненттик базаларынын саны,техникалык өнүгүү жана заманбап кызматтар боюнча алганда  MegaCom алдыңкы сапта. Бул биз үчүн чоң сыймык. Абоненттерибизге бизге көрсөткөн ишеними жана тандоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чоң ыракмат!», - дейт өз сөзүндө, MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

«Жумуш менен камсыз кылуучу мыкты ишкана» - бул да MegaCom жөнүндө. Уюлдук оператордун жамааты кесипкөй кызматкерлерден куралган.  Окуусу менен жумушун айкалыштыра иштеген тажрыйбасы аз, жаш студенттер бара-бара такшалып, тажрыйбалуу адистердин катарын толуктоодо.      

MegaCom — кайрымдуулукту көз жаздымда калтырбай келе жаткан ири компания. Компания карыларга, жетим балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө аяр мамиле жасайт.  Жыл сайын 9-майды утурлай өткөрүлө турган  «Улуу Жеңиш» акциясына  ардагерлерибиздин жашоосуна кайдыгер карабаган бардык абоненттерибиз катыша алышат. Топтолгон каражаттар Улуу Ата Мекендик согушта душмандардан мекенин коргоп калган, бизге жаркын келечек тартуулаган  кадырман карыяларыбызга  бөлүштүрүлүп берилет».   

MegaCom жана спорт – бири-биринен ажырагыс сөздөр. «Кыргызстандыктардын сергек жана активдүү жашоо образы үчүн», – дал ушундай девиз менен бир катар спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келет. «Каракол» тоо лыжа базасынын жана Бишкек жана Ош шаарларындагы велосезондун ачылышы миңдеген мекендештерибизди бириктирип жана эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулап келет.

12 жыл – туруктуу өнүгүүнүн, жаңы технологияларды ишке киргизүүнүн, өзүнө болгон ишенимди  калыптандыруунун убактысы. Көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылды, келечекте ишке ашырыла турган көптөгөн максаттар али алдыда.  

MegaCom ишенимдүү байланыш оператору!

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы