Перейти на новый сайт

MegaCom: Компаниянын кызматкерлери Маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагындагы Айымдардын эл аралык күнүн белгилөөгө катышты

MegaCom: Компаниянын кызматкерлери Маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагындагы Айымдардын эл аралык күнүн белгилөөгө катышты

И.Раззаков атындагы КМТУда, 2018-жылдын 26-апрелинде, жыл сайын апрелдин төртүнчү бейшембисинде майрамдалып келе жаткан Маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагындагы Айымдардын  күнү  белгиленди. Алдыңкы уюлдук оператордун адистери  кыз-келиндердин маалымат-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүнө байланыштуу кесиптерди тандоосуна өбөлгө түзгөн кезектеги иш-чарага катышты. Аталган окуу жайдын техникалык адистиктер боюнча билим алып жаткан кыз-келиндери үчүн компаниянын келечегинен көптү күттүргөн адистери: интернет-долбоорлор адиси Айдай Рыскалыйева жана МБТнын интеграциялоо боюнча инженери  Динара Казыбекова  кызыктуу баяндама жасашты.

И.Раззаков  атындагы КМТУнун Байланыш түйүнү жана коммутациялар системасы факультетин аяктаган Айдай Рыскалыйева студенттик жылдарда IT-компаниялардын иш-чараларына  угуучу катары катышса, бүгүн  өзү билим алган окуу жайына баяндамачы катары келип отурат. Айдай эмгек жолун колл-борбордун оператору болуп иштөөдөн баштагандыгын жана азыр  компанияда аткарып жаткан кызматы тууралуу, жана да  келечектеги  пландары тууралуу айта кетти.

Динара Казыбекова – компаниядагы инженер-айымдардын бири. Кымча бел, назик кызды мырзаларга мүнөздүү болгон  сүрдүү  кесиптин ээси го деп ойлобойсуң. Динара  компаниянын эң маанилүү бөлүмдөрүнүн  бири болгон биллинг тутумунда эмгектенет. Бул бөлүм  телекоммуникациялык  кызматтардан  колдонуу, аларды тарифтөө, абоненттердин  эсептери жана төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча маалыматтардын топтолушу үчүн жооп берет. Кызыктуу пикир алмашуулардын соңунда мыкты эссе жазуу боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө уюлдук оператордун фирмалык белектери тапшырылды. Компаниянын адистери техникалык адистердин “алтын уясына” айланган окуу жайда билим алып жаткан келечектеги кесиптештерине ийгилик каалай кетишти.

MegaCom жамаатында айымдардын орду өзгөчө, алар компаниянын дээрлик бардык бөлүмдөрүндө иштешет. Катардагы адистерден тарта жетекчилик милдеттерге чейин  аткарышат. Компаниянын ийгиликтүү өнүгүүсүнө алардын кошкон салымдарын баса белгилебей коюуга болбойт.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы