Перейти на новый сайт

Бишкек жана Ош шаарларында MegaCom кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Бишкек жана Ош шаарларында MegaCom кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Өткөн ишембиде, 21-апрелде, Бишкек жана Ош шаарларында MegaCom компаниясынын жетекчилиги жана кызматкерлери  ишембиликке чыгышты.

Бишкекте кезектеги ишембиликке чыккан алдыңкы мобилдик оператордун жамааты Кара- Жыгач багын тазалоого билек түрө киришип, куурап калган бутактарды  араалап, таштандыдан  арылтышты. MegaCom кызматкерлери, жума сайын, «Таза жашоо» үч айлыгынын алкагында жамааттык ишембилик өткөрүп келүүдө.

Ушул эле күнү компаниянын түштүк филиалынын жамааты Ош шаарындагы «Каныкей» эстелигинин айланасын тазалоо-жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү, айтмакчы, эстелик MegaCom мобилдик операторунун колдоосу менен  кечээ жакында эле оңдолуп-түзөлгөн. Компаниянын фирмалык түстөрүндөгү отургучтар, чатырчалар калыбына келтирилип, кайрадан боёлду. Сейил бакка эс алганы  келгендер үчүн сүрөткө түшүүчү жай да бар. “Көз коркок, кол баатыр“ демекчи, ишембиликке карата мерчемделген жумуштар толугу менен, ал гана эмес ашыгы менен да аткарылды десек болчудай. Ишембиликти уюштуруучулар кесиптештерин зарыл шаймандар менен камсыз кылууну эсинен чыгарышкан жок. Тазалоо жумуштары аяктагандан кийин башкы директор тарабынан отургузулган ар түрдүү дарактардын көчөттөрү,  көп өтпөй,  сейил бактын көркүнө көрк кошо тургандыгы бышык.

Уюлдук оператордун биримдиктүү  жамааты  жалпы шаардык ишембиликтерди көз жаздымда калтырбастан, жыл сайын жигердүү катышып келишет. Өткөн жылы «Аламүдүн» дарыясынын жээги, жайылмасы таштандылардан тазаланып, 500 ашык таштанды салынган кап чыгарылган. Компаниянын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан ишембиликтерден четте калышкан жок. Өлкөбүздүн  жаратылышын коргоого, экологиялык чөйрөсүн жакшыртууга өз салымын кошуу максатында ата мекендик уюлдук оператор мындай мүнөздөгү иш-чараларды уюштура бермекчи.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы