Перейти на новый сайт

Күнөстүү Ош шаарында веложаз майрамы өткөрүлдү!

Күнөстүү  Ош шаарында веложаз майрамы өткөрүлдү!

Табигат жанданып, жаркырап тийген күндүн нуру көз уялтып, жаздын сары жели саамайыңдан назик сылаган ушул күнү Ош шаары өзгөчө шаңга бөлөндү көрүнөт, тагыраак айтканда түштүк калаабыздын тургундары көптөн күткөн ири спорттук иш-чаранын – 2018-жылкы велосезондун ачылышына күбө болушту. Веложүрүшкө үйрөнчүктөрдөн тарта дасыккан велоспортчуларга чейин катышты. 

Өлкөнүн алдыңкы мобилдик операторунун байрагы алдында өткөн иш-чарага катышуучулардын саны эки миңге чамалуу болду. Бул катышуучулардын  саны боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Эртең менен жүздөгөн велосипедчендер топтолгон  Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги дөңсөөдө күндөгүдөн башкача абал өкүм сүрүп турду. Иш-чаранын уюштуруучулары чогулгандарга MegaCom фирмалык футболкаларын таратып жатышкан маалда, алар  сүрөткө түшүп, видео тартып, социалдык түйүндөрдө жагымдуу маанайлары менен бөлүшүп жатышты.

MegaCom компаниясынын башкы директору  Азат Базаркулов катышуучуларды  веложүрүштүн ачылышы менен куттуктай кетти: "Салтка айланып бара жаткан бул иш-чара велоспортун сүйүүчүлөр үчүн чынында эле  майрам десек болчудай. Велоспортун сүйүүчүлөр  веложүрүштү MegaCom менен байланыштырып келишет.  Албетте, бул  биз үчүн жагымдуу.  MegaCom үчүнчү жыл катары менен веложүрүшкө демөөрчүлүк кылып келүүдө. Жылдан -жылга катышуучулардын саны арбып келе жаткандыгы да кубандырат. Быйыл Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлүп жаткан веложүрүштөрдү «Хайп»  жаштар тарифине арнамакчыбыз. «Хайп»  – бул жигердүү, позитивдүү, заман талабына шайкеш кадам таштаган замандаштарыбыз үчүн мыкты табылга болмокчу".

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев да чогулгандарга куттуктоо сөзүн жолдоп, мындай иш-чаранын түштүк калаанын тургундары үчүн салтка айланып бара жаткандыгын баса белгилей кетти.

Велотоп  Сай-бою  –  Ленин –  Исанов – Шакиров – Нурматов – Сай-Бою маршруту боюнча жол тартышты. Белгиленген маршруттун узундугу –  9 км, бул 2017-жылга  караганда  2 километрге көп. 

Марага жеткенде болсо, катышуучуларды атайын көңүл ачуучу программа  күтүп турган. «Эл эмне дейт?» скетч-шоусунун алып баруучулары  жагымдуу тамашалары, кызыктуу  конкурстары менен чогулгандарга жагымдуу маанай тартуулап, чимириле бийлеген Ош шаарынын жаш таланттары  өз өнөрлөрүн көрсөтүшсө, спорттук велосипедчен шамдагай жигиттер өз экстремалдык номурлары менен чогулгандарды таң калдырып жатышты.

Катышуучулар белгилеп кеткендей, велоачылыш – бул майрамдык маанайга чөмүлгөн теребел, жаңы таанышуулар, досторуң менен жолугушуу, сезонду алар менен биргеликте ачуу.  Иш-чарага алгачкы жолу катышып жаткандарга кубанычтуу, эстен кеткис сезимдер тартууланды. Жазды, достукту,  жаркын күндү даңазалаган бул иш-чара  өзгөчө шаң менен жыйынтыкталды. Компания спорттук иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүү менен, спортту жана сергек жашоону жайылтууну демилгелеп келет. Толугураак маалымат  FacebookInstagramTwitter жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү расмий баракчаларында жайгаштырылган.

MegaCom –  спорт жана сергек жашоо үчүн!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы