Перейти на новый сайт

MegaCom кызматкерлери Кара жыгач токойчосуна ишембиликке чыгышты

MegaCom кызматкерлери Кара жыгач токойчосуна ишембиликке чыгышты      

Компаниянын жетекчилиги башында турган MegaCom уюлдук операторунун жамааты жалпы шаардык ишембиликке чыгышты. Баарыбызга маалым болгондой, айлана-чөйрөнү   тазалоо, иретке келтирүү, көрктөндүрүү максатында  «Таза жашоо» үч айлыгын өткөрүү демилгеленип, ал республикабыздын шаарларында, айыл-кыштактарында кеңири кулач жаюуда.
MegaCom компаниясынын 500 гө жакын кызматкери мэриянын кызматкерлери менен биргеликте  Кара жыгач токойчосунун аймагын тазалашты.  “Көз коркок кол баатыр” демекчи, шаардыктардын сүйгөн эс алуу жайына айланган жалпы аянты  1,5 Га болгон аянттан 4 жүк ташуучу унаа менен таштанды, 3 жүк ташуучу унаа менен кургап калган бутактар ташылып чыгарылды. 

Уюлдук оператордун бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган жамааты  ишембиликтерди көз жаздымда калтырбай келет. Өткөн жылы  «Аламүдүн» суусунун жээгиндеги бир километрге жакын тилке тазаланып, 500дөн ашык таштанды салынган  кап чыгарылган. Уюлдук оператордун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да үч айлыктын алкагында өткөрүлүп жаткан ишембиликтерден четте калбастан, жигердүү катышып келишет.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы