Перейти на новый сайт

MegaCom роуминги жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн саны арбып келет

MegaCom роуминги жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн саны арбып келет

 

MegaCom компаниясынын роуминг-өнөктөштөрүнүн саны күндөн-күнгө арбып келет. Айтмакчы, уюлдук оператор эсептешүүнүн  алдын ала төлөнүүчү жана кийин төлөнүүчү  системалары менен колдонгон абоненттер үчүн жаңы багыттар ачылгандыгын маалымдайт.

Алдын ала төлөнүүчү роуминг Vodafone NL (Нидерландылар) жана  Vodacom (Түштүк Африка Республикасы) жаңы операторлорунун түйүнүндө, ал эми кийин төлөнүүчү  роуминг Vodacom Tanzania Limited (Танзания) операторунун түйүнүндө жеткиликтүү болуп калды. Эми, бул өлкөлөрдүн аймагында жүргөн маалында, абоненттерибиз номурун алмаштырбастан жана кошумча буйрууларды тербестен эле байланышта боло алышат.

Роуминг кызматы жеткиликтүү болгон өлкөлөр менен кызматташтык алака түзүүдө,  абоненттердин мүдөөлөрү эске алынат. Айрым өлкөлөрдө бир нече байланыш операторлор менен роумингдик макулдашуулар түзүлгөн. Мындай кадам, өз кезегинде, бул өлкөлөрдө тандоо эркиндигин кепилдейт жана камтуу аймагын бир кыйла кеңейтет. Роуминг-өнөктөштөрдүн байланыш операторлорунун тизмелери, кызматтарынын тарифтери менен  компаниянын  түйүнүнөн жана сайтынан таанышууга болот.

Дүйнө жүзү боюнча саякатта жана MegaCom менен байланышта бол!

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы