Перейти на новый сайт
MegaCom МБА тарабынан өткөрүлгөн  радиожыштык спектрине ээ болуу аукционунда лицензияга ээ болду

MegaCom Мамлекеттик Байланыш Агенттиги тарабынан өткөрүлгөн  радиожыштык спектрине ээ болуу аукционунда лицензияга ээ болду

MegaCom 1800 МГц диапазонундагы радиожыштыктарды колдонуу укугуна ээ болду. Тактап айтканда, Кыргызстандын тарыхында  онлайн-аукцион түрүндө биринчи жолу болуп өткөн электрондук сатып алуулардын  жеңүүчүсү болуп табылды. Бул мекенибиздин GSM жана LTE түйүндөрү менен камтылган аймагын кеңейтүүгө  өбөлгө түзө тургандыгы бышык. КРдин байланыш жана маалымат технологиялар комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан өткөрүлгөн онлайн-аукциондун жыйынтыгы  2017-жылдын 22-декабрында gasauction.srs.kg интернет-ресурсунда жарыяланган.  MegaCom   1800 МГц радиожыштык диапазонунда  GSM жана LTE стандартындагы жана алардын кийинки  модификацияларындагы  зымсыз радиотелефон байланыш кызматтарын  көрсөтүү  лицензиясынын (10МГц )  ээси болду.

Лицензияны тапшыруу салтанатына MegaCom компаниясынын Техникалык дирекциясынын жана КРдин Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлдөрү катышып, лицензия Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору  Эльнар Субакожоев тарабынан MegaCom компаниясынын Техникалык директору Батырбек Джумабековго тапшырылды.

«Техникалык  инфраструктура менен бир катар  эле жыштык ресурстары мобилдик байланыш операторлорунун негизги активдери болуп саналат.  Алардын саны канча көп болсо, жаңы стандарттарды ишке киргизүү жана жогорку ылдамдыктагы Интернет менен камсыз кылуу  натыйжалуу ишке ашырылат. Алынган радиожыштыктар аркылуу түйүндүн сыйымдуулугу  эки эсеге жогоруламакчы. Демек,    үн байланышынын жана Интернеттин сапатынын жакшыргандыгын абоненттерибиз   жакын арада эле сезе алышат», - деген ойлору менен бөлүшө кетти  MegaCom компаниясынын Техникалык директору Батырбек Джумабеков.

Негизги лоттун баштапкы баасы  205 252 000 сомду түздү. Аукциондун шарттары мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн: каалоочулардын бардыгы кепилдик  төгүмдөрүн төгүп жана өз убагында  онлайн-каттоодон өтүшү керек эле.

«Мындай мүнөздөгү тооруктар «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууга ташталан дагы бир кадам десек жаңылбайбыз.  Алар, өз кезегинде, ишкердиктин жана мамлекеттик сектордун өз ара карым -катнашынын ишенимдүү баскычка  көтөрүлүшүн камсыздайт. Аукциондордо жыштыктарды бөлүштүрүү – бул дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба. Ал мамлекеттин бюджетине бир кыйла өлчөмдөгү каражаттын түшүүсүн шарттайт», - деп белгилей кетти, өз сөзүндө, Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Эльнар Субакожоев.

Онлайн-аукциондун жүрүшүнө КРдин Байланыш жана маалымат технологиялар комитетинин, Байланыш операторлорунун ассоциациясынын, «Интернет-Саясатынын Жарандык демилгеси» КФнын, Эл аралык ишкердик  кеңешинин өкүлдөрүнөн жана катышуучулардан турган байкоочулар сереп салып  турушту. Байкоочулар бир ооздон белгилегендей, сатып алуулар аукционун өткөрүү техникалык жактан жогорку деңгээлде камсыздалды.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы