Перейти на новый сайт
MegaCom: Жаңы жылды утурлай жаңы Сатуу жана тейлөө борборлору ачылды

MegaCom: Жаңы жылды утурлай жаңы Сатуу жана тейлөө борборлору ачылды

Өз абоненттеринин мүдөөлөрүн алдыңкы орунга койгон мобилдик оператор өлкөбүздүн бардык аймактарында филиалдык түйүндөрүн кеңейтип келүүдө.

Жаңы жылдык майрамдарды утурлай борбор калаабыздагы Asia Mall ири соода-көңүл ачуу борборунун 0-кабатында MegaCom жаңы Сатуу жана тейлөө борбору ачылды. Ал эми Сокулук айылында да жаңы Сатуу жана тейлөө борборунун ачылышы болуп өттү. 25-декабрда ачылган бул кеңсенин ачылыш аземи кызыктуу конкурстар, бийлер жана шайыр тамашалар менен коштолуп, калкыбыздын кеңири катмарына «Эл эмне дейт» скетч-шоусу аркылуу таанымал болгон алып баруучулар Радик Эшимов жана Актан Рыскелдиев иш-чараны көркүнө чыгарышты.

Сокулук айылынын тургундары жана меймандары номур сатып алуу, SIM-картаны акысыз каттоо, тарифтик планды же номурду алмаштыруу, балансты толуктоо, адистен кеп-кеңеш алуу сыяктуу кызматтардан колдоно алышат. Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсү 147/2 дареги боюнча жайгашкан Сатуу жана тейлөө борбору өз кардарларын кабыл алууда.

Жаңы кеңселердин ачылышына карата мобилдик оператор жагымдуу белектерди жана бонустарды даярдады. 10-январга чейин «Алтын» жана «Күмүш 7500» категориясынын номурларына 50% арзандатуу каралат. Ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү колуңуздан чыгарбастан, көңүлүңүзгө төп келген жаңы номурга ээ болуңуз. MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылган ар бир абонент балансын 100 сомго же андан көп суммага бир жолку толуктаган учурда түйүн ичиндеги акысыз мүнөттөр же SMSтер түрүндөгү белек топтомдоруна ээ болушат.

MegaCom көптөгөн ири акцияларды жана кызыктуу конкурстарды өткөрүүнү салтка айландырып алган. Компания жаңылыктары менен megacom.kg расмий сайты, мындан тышкары FacebookInstagramTwitter жана  Odnoklassniki социалдык тармактары аркылуу кеңири таанышсаңыз болот.

Мега-окуялардын борборунда болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы