Перейти на новый сайт

MegaCom: Лыжаларды жана борддорду  даярдоог о убакыт жетти, жакында  Караколдо 2017-2018-жылдагы тоо лыжа сезону ачылат!

MegaCom: Лыжаларды жана борддорду  даярдоог о убакыт жетти, жакында  Караколдо 2017-2018-жылдагы тоо лыжа сезону ачылат!

 

25-26-ноябрь күндөрү  көпчүлүктүн көңүл чордонун  ээлеген   спорттук майрам  – «Каракол» базасында тоо лыжа сезону ачылмакчы. Мобилдик оператордун  бул иш-чарага башкы демөөрчү болуп келе жаткандыгына быйыл 7 жылдын жүзү болду.

Деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан  Тянь-Шань тоо кыркаларынын  ажайып токой тилкелери  кайрадан шаңга бөлөнмөкчү. Жүздөгөн лыжачыларга жана сноубордчуларга таза абада өтө турган спорттук майрам  жагымдуу маанай жана эстен кеткис таасирлерди тартуулайт.

Спорттун кышкы түрлөрүн  сүйүүчүлөр! Кана эмесе,  чамдагыла! Майрамдык программа төмөндөгүдөй:

  • 25-ноябрь күнү  «Каракол» тоо лыжа базасында саат  10:00до слалом-гигант  боюнча мелдешке катышууну каалагандарды каттоо башталат.  Сноуборд жана лыжа тебүү боюнча мелдештерге бардык каалоочулар – чоңдордон тарта кичине балдарга  чейин, бул жаатта бир кыйла ийгиликтерге  жетишкендерден тарта, жаңыдан өздөштүрүп жаткандарга  чейин катыша алышат. Жеңүүчүлөр компаниядан атайын  белектер менен сыйланышат.
  • 26-ноябрда саат 10:00дө программанын көңүл ачуучу  бөлүгү башталат. Катышуучуларды  катылган “кенчти” табуу сыяктуу көптөгөн оюндар, мелдештер, суроо-жооп таймаштары  күтөт. Жеңүүчүлөр үчүн кызыктыруучу байгелер каралган.

Мындай иш-чаралар ар бирибизди сергек  жашоого, спортту жашообуздун ажырагыс  бөлүгүнө айландырууга  үндөйт.

Жагымдуу эс алуудагы  унутулгус көз ирмемдер менен фото жана видеолор аркылуу бөлүшңүз! MegaCom компаниясынын мобилдик 4G Интернети тоо лыжа курортунун бардык аймагында жеткиликтүү жана үзгүлтүксүз жана сапаттуу уюлдук байланыш ар дайым эс алуучулардын кызматында.

Компания  социалдык түйүндөргө байма-бай жайгаштырып туруучу  жаңылыктар түрмөгүнө көз салып турууну эсиңизден чыгарбаңыз.  Аталган спорттук иш-чара тууралуу кошумча маалымат Facebook  түйүнүндөгү расмий баракчабызда.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы