Перейти на новый сайт

MegaCom «Куратордун жеке кабинети» өзүн - өзү тейлөө сервисин тартуулайт

MegaCom «Куратордун жеке кабинети» өзүн - өзү тейлөө сервисин тартуулайт

 

Алдыңкы мобилдик оператор корпоративдик кардарларга  ар дайым  ыңгайлуу кызматтарды  сунуштап турат. «Куратордун жеке кабинети» жаңы кызматы бунун дагы бир далили деп айтса болот. Онлайн-сервистин ыңгайлуу жана жеткиликтүү интерфейси мега-түйүндүн абоненттеринин  муктаждыктарын  эске алуу менен  иштелип чыккандыктан, корпоративдик топтун номурларынын мүмкүнчүлүктөрүн башкаруу оңой болуп калды. 

«Куратордун жеке кабинети» – бул  өзүн-өзү тейлөө сервиси. Анын жардамы менен корпоративдик топтун куратору Корпоративдик жана VIP кардарлар бөлүмүнө кайрылбастан эле өз номуруна байланыштуу аракеттерди аткарып, жеке эсептер боюнча маалымат алса болот.

Эми бир басуу менен эле төмөндөгү аракеттерди көз ачып - жумгуча аткарууга  мүмкүн болуп калды:

  • кошумча кызматтарды кошууга жана өчүрүүгө  билдирме калтыруу;
  • абоненттик номурларды бөгөттөө жана бөгөттөн чыгаруу;
  • жеке эсептер  боюнча маалымат алуу;
  • ар бир абоненттик номурда кошулган кызматтардын, топтомдордун жана тарифтик  опциялардын тизмеси менен таанышуу;
  • топтомдордун жана тарифтик опциялардын  калдыктарын көрүү;
  • активдүү кызматтарды жана тарифтик опцияларды өчүрүү;
  • «Кайтарым байланыш» бөлүмү аркылуу кайрылуу калтыруу жана башкалар.

«Куратордун жеке кабинетинин» жардамы менен эсебиңизде канча каражат калгандыгын, канча сумманын эмнеге сарпталгандыгын да биле аласыз.

Өзүн-өзү тейлөө сервисин  колдонуп баштоо  үчүн MegaCom операторунун Корпоративдик жана VIP кардарлар бөлүмүнө кайрылып, кураторуңуз менен кошумча макулдашуу түзүү жетиштүү.

 

Куратордун жеке кабинети – корпоративдик номурларды бир басуу менен башкаруу!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы