Перейти на новый сайт
MegaComдон акысыз 4G WI-FI Wingle: ыкчам жана колдонууга ыңгайлуу

MegaComдон акысыз 4G WI-FI Wingle: ыкчам жана колдонууга ыңгайлуу

Акысыз 4G WI-FI Wingle алууну каалайсызбы? Анда жөн гана «Чектөөсүз 4G» тарифине 60 күнгө кошулуп, жагымдуу бонустун ээси болунуз!

MegaCom мобилдик оператору өз абоненттерине техникалык артыкчылыктарга ээ  саркеч жана жыйнактуу девайсты белекке тартуулайт. Түзмөктү алыска чыкканда жана иш сапарында жаныңызда ала жүрсөңүз болот, анткени ал USB-кубаттандыруучудан иштегендиктен Power Bank кошуп, ар дайым онлайнда болууга мүмкүнчүлүк түзөт.

4G Wingle`дин жардамы менен Wi-Fi аркылуу бир убакта 10 түзмөккө чейин Интернет тарата аласыз. Ал эми LTE cat4 колдоосу маалыматты секундасына 150 Мбитке чейинки ылдамдыкта жөнөтүүнү камсыздай алат.

Android же iOS платформасындагы иштеген Huawei HiLink колдонмосунун жардамы менен Wi-Fi түйүнү аркылуу түзмөктүн тууралоосун мобилдик телефонуңуздун экранынан башкара аласыз.

Ыңгайлуу сунушту колдон чыгарбай 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагында жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборлорунун же Фирмалык салондорунун бирине кайрылып, заманбап 4G Wi-Fi Wingle түзмөгүн алыңыз.

«Чектөөсуз 4G» тарифине 60 күнгө кошулуу наркы 2580 сомдун ордуна болгону 2200 сомду түзөт.

4G Wi-Fi Wingle түзмөгүнүн саны чектелген. Акция жана аны өткөрүү мөөнөтү тууралуу толук маалымат MegaCom компаниясынын расмий сайтында берилген.

 

MegaCom 4G LTE түйүнү менен чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы