Перейти на новый сайт
Эми  Кытайда  интернет роуминги  мурдагыдан да жеткиликтүү!  

Эми  Кытайда  интернет роуминги  мурдагыдан да жеткиликтүү!  

  

  “MegaCom” мобилдик операторунан дагы бир жагымдуу жаңылык. Эми  анын  абоненттери Кытай жергесинде номурун алмаштырбастан эле 3G жана  GPRS роумингинен ыңгайлуу баада колдоно алышат.

Тактап айтканда,  бул өлкөдө жүргөн MegaCom абоненттери үчүн мобилдик  Интернеттин  1 мегабайтынын наркы  болгону 20 сомду түзөт. Байыркы тарыхы, өнүккөн экономикасы жана бай маданияты менен белгилүү  Кытайга  саякатка  Кыргызстандан баргандардын катарында туристтер, студенттер жана ишкерлер да бар.

MegaCom роуминг- өнөктөштөрүнүн саны күндөн-күнгө көбөйүп келет. Жакындан тартып  эле  кыргызстандыктар  ArmenTel (Армения), Lintel Ltd (Сьерра Леоне) жана Universal Mobile Systems LLC (Өзбекистан) операторлорунун конок түйүндөрүндө жакындары менен байланышуу, электрондук кат жөнөтүү жана социалдык тамактарда баарлашуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Башка өлкөлөргө сапарга чыгуу алдында роумингди кошуп алууну эсиңизден  чыгарбаңыз! Бул болсо эң жөнөкөй.  Болгону жакын жерде жайгашкан  Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна   кайрыласыз  жана  роуминг кызматтары жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн толук тизмеси менен таанышасыз.

Роумингде интернет аркылуу маалымат алмашуу 3G/GPRS-роуминг үчүн   аракеттеги тарифтерге ылайык ишке ашырылат. Тарифтер тууралуу толук маалымат  компаниянын расмий сайтынын   «Роуминг» бөлүмүндө жайгаштырылган.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы