Перейти на новый сайт
MegaCom: 3 миллион сомдук баш байгенин ээси аныкталды!

MegaCom: 3 миллион сомдук баш байгенин ээси аныкталды!

Бишкек шаарынын тургуну Фарида Мамметова «Бактылуу SMSтер» викторинасынын Мега байгеси - 3 000 000 сомдун ээси болду. Фарида викторинага катышкандар арасында активдүүлүгүн жана тапкычтыгын көрсөтө алды. Жеңүүчүнүн айтымында, жеңишке жетүүгө жалаң эле билими эмес чыдамкайлык дагы жардам берди.

«Мен ар түрдүү викториналарды жана баш катырмаларды жакшы көрөм, ошондуктан «Бактылуу SMSтер» викторинасына активдүү катыштым. Өткөн айда суроолорго күн сайын жооп берип, викторинага катышкандардын рейтингинде бирде төртүнчү, бирде бешинчи орунда болуп жаттым. Оюнга ушунчалык кызыгып, түнкү саат 12ге чейин ойногон учурлар да болгон. Жыйынтыгында викторинанын жеңүүчүсү болгондугум тууралуу SMS билдирүү келди! Компаниянын өкүлдөрү расмий түрдө мага байланышка чыгып, 3 миллион сомдук байгени утуп алгандыгым жөнүндө айтышканда деле, бул мен үчүн ушунчалык күтүүсүз жаңылык болгондуктан, көпкө чейин ишене албай жаттым. Мүмкүн адашып калыштыбы деп, ата-энеме да күн мурун айта элек болчумун» - дейт толкунданган Фарида.

Викторинанын жеңүүчүсүнө ири суммадагы сертификатты MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов тапшырды.

Фарида Мамметова буга чейин “Бактылуу SMSтер” викторинасынын ай сайын ойнотулчу белеги үчүн дагы ат салышкан тажрыйбасы тууралуу айтып берди: «Анда мен викторинага катышуучулардын рейтингинде биринчи орунга чыгып,  жеңишке жеттим деген ойдо суроолорго жооп берүүмдү токтотуп койгом. Бирок башка абонент менден алдыга чыгып кетип, iPhone 6S смартфонун утуп алган. Ошондон кийин өз максатыма жетүү чечимин кабыл алып, викторинага катышууну чечкиндүү уланта бердим».

«Бактылуу SMSтер» викторинасынын жеңүүчүсү 7 жылдан бери MegaCom компаниясынын кызматтары менен колдонуп келет. Жеңүүчүбүз түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары ыңгайлуу шарттагы чалууларды сунуштаган «Хит» тарифтик планы менен колдонот экен.

Жеңүүчүбүз утуп алган каражаты  өзүнүн кичине бизнесине жумшоону пландап жаткандыгын айтты. «MegaCom компаниясына викторинага катышууга  жана өз билимимди сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн чоң рахмат. Өз билимиңизге ишениңиз жана эч качан кыйынчылыктар алдында токтобоңуз!» - деп сөзүн жыйынтактады Фарида Мамметова.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы