Перейти на новый сайт
MegaComдун «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматын кошуунун 3 себеби

MegaComдун «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматын кошуунун 3 себеби

 

Уюлдук оператордун  «Алдын ала төлөнүүчү роуминг»  кызматын кошуп алсаңыз, эч кам санабастан алыскы өлкөлөргө саякаттап, ар дайым жакындарыңыз менен байланышта болосуз.

Башка өлкөгө келген учуруңузда, ишенимдүү жардамчыңыз- «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» менен,  жергиликтүү уюлдук оператордун  SIM-картасын сатып алууга, жаңы номурду каттоодон өткөрүүгө байланыштуу бир катар жол-жоболордон өтүү талап кылынбайт.  

MegaCom абоненттери кызматтын негизги артыкчылыктарына татыктуу баа бере тургандыгы бышык:

  1. эсепти толуктоонун ыңгайлуу жолу;
  2. реалдуу убакыт режиминде  балансын текшерүү жана чыгымдарын көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгү;
  3. каражаттарын үнөмдүү сарптоо үчүн кошумча кызматтарды жана опцияларды кошуу;

Эсептөөнүн алдын ала төлөнүүчү системасынын колдонуучулары үчүн кызмат автоматтык түрдө кошулат, б.а. кызматты кошуу үчүн атайын USSD-буйрууларды терүүнүн кажети жок.

«Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы - чет өлкөлөргө сапар тарткан  абоненттерибиз  үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Балансын реалдуу убакыт режиминде текшерип, каражаттарынын калдыгынан кабардар болуп турушат. Баланс нөлдүк чекке жетип, жана да абонент  тарабынан кайрадан толукталган учурда кызмат автоматтык түрдө жаңыртылат» - деп белгилейт  кетти,  компаниянын роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси  Эльнар Субакожоев.

Мекенибиздин алдыңкы мобилдик оператору  MegaCom өзүнүн абонеттерин кайда гана болбосун сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу максатында роуминг-өнөктөштөрүнүн катарын толуктап келет.  «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн тизмеси расмий  сайтта жайгаштырылган. Сатуу жана тейлөө борборлорунун  кесипкөй адистерине кайрылып,  ишкер сапар учурунда же саякаттап жүргөндө  маалыңызда зарыл боло турган кызматты кошуп алыңыз.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы