Перейти на новый сайт

MegaComдон жаңы роуминг-багыттар

MegaComдон жаңы роуминг-багыттар

 

Чет өлкөгө  сапарга  чыкканда мобилдик байланышка кандай талаптар коюлат? Жеткиликтүүлүк жана ыңгайлуулук! MegaCom компаниясы абоненттери өз номурун алмаштырбастан роуминг кызматтары менен колдоно ала турган өлкөлөрдүн тизмегин кеңейткендиги тууралуу жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшөт.   

2017-жылдын июнунан тарта иш сапарына же көптөн күткөн эс алууга чыкканда , төмөнкү операторлордун түйүнүндө жакындарыңыз менен ар дайым байланышта боло аласыз:

  • кийин төлөнүүчү эсептешүү системасы боюнча - China Mobile (Кытай), RCS & RDS S.A (Румыния)
  • алдын ала төлөө эсептешүү системасы боюнча - Mobitel (Pvt) Limited (Шри-Ланка)
  • GPRS жана 3G роуминг - Bakcell LLC (Азербайжан), RCS & RDS S.A (Румыния)

Алдыңкы мобилдик байланыш оператору мега-түйүндүн абонеттери жер шарынын каалаган бөлүгүндө байланышта болушу үчүн туруктуу негизде өлкөлөр жана өнөктөштөр тизмегин кеңейтип келет. Кээ бир өлкөлөрдө  бир нече операторлор менен роумингдик макулдашуулар бар. Мындай кадам, өз кезегинде, бул өлкөлөрдө каптоо аймагынын кеңейишин камсыз кылат.

Чет элге сапарга чыкканда байланышта болууга мүмкүнчүлүк түзгөн кызматты компаниянын Филиалдык түйүнүндөгү адистери кошуп бере алышат жана кызмат тууралуу маалыматты megacom.kg расмий сайтынан биле аласыз.  

MegaCom – чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы