Перейти на новый сайт

Компаниянын абоненттери ардагерлерге колдоо көрсөтүү үчүн 470 миң сомдон ашык каражат топтошту

Компаниянын абоненттери ардагерлерге колдоо көрсөтүү үчүн 470 миң сомдон ашык каражат топтошту

MegaCom компаниясынын абоненттери Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн SMS марафонго жигердүү катышты. Уюлдук оператор мындай марафонду жыл сайын өткөрүп келет. Быйыл өткөрүлгөн марафондо абоненттер 1945 кыска номуруна 22 миң  SMS жөнөтүшкөн.  "Улуу Жеңиш!" акциясынын жыйынтыгында 470 400 сом (салыктардан тышкары) топтолгон. Акча каражаты  Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети берген тизме боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштан жарат алгандарга тең бөлүнүп, таратылат.

Өз операторуна арткан ишеними жана ардагерлерге көрсөткөн урматы, аларга жасаган астейдил мамилеси үчүн компания абоненттерине ыраазычылык билдирет. Жөнөтүлгөн ар бир билдирүү өзгөчө маанилүү. Топтолгон каражаттар 588 адамга даректүү жардам катары таратылат. Алардын катарын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптары түзөт.

Компания, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык акча каражаттарынын бардыгына бирдей бөлүнүп берилишине кепилдик берет.Акциянын жыйынтыгы тууралуу маалымат менен  компаниянын расмий сайтыFacebookInstagramTwitter жана Одноклассники социалдык тармактарынын расмий баракчалары, жана да ММК аркылуу таанышууга болот.

Эскерте кетсек, салтка айланып калгандай 9- Майга карата  MegaCom ар бир колдоого алынган ардагерге жеке каражаттарынын эсебинен  2000 сомдон бөлүп берди. Алар үчүн майрамдык концерт,  «Жакындарга чалуу» жана «Полктошторуна чалуу» акысыз линиялары уюштурулду.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы