Перейти на новый сайт
Жаңы өлкөлөргө MegaCom менен

Жаңы өлкөлөргө MegaCom менен

 

Жай. Бул сөздү укканда көз алдыбызга  каникулдар, эмгек өргүүcү, күн нуруна чагылышкан кумжээктер элестей тургандыгы бышык. Албетте, алыскы өлкөлөргө саякат жасоону да эсибизден чыгарбайбыз. Кайсы гана жакка барууну чечпеңиз, MegaCom роуминги аркылуу  жакындарыңыз менен ар дайым байланышта боло аласыз.

Аталган кызматыжеткиликтүү болгон  өнөктөш өлкөлөрдүн саны арбып келүүдө. Демек, дүйнө жүзүнүн дээрлик басымдуу бөлүгүнө саякат жасоодо же иш сапары менен жол тартууда номуруңузду алмаштырбастан жакындарыңыз менен байланышта болуп, жогорку ылдамдыктагы интернет менен колдоно аласыз. 2017-жылдын апрелинен тарта, мега-түйүндүн абоненттери үчүн,  дал ушундай мүмкүнчүлүктөр төмөндөгү операторлордун түйүндөрүндө тартууланат:

  • эсептешүүнүн алдын ала төлөм системасы боюнча KPN BV (Нидерланддар) жана TeliaSonera Norge AS (Норвегия)
  • GPRS роуминг: TELUS Mobility (Канада), Petra Jordanian Mobile Telecommunications Company - OrangeJordan (Иордания) жана T-Mobile (США)

Чет өлкөгө сапар тартуунун алдында Компаниянын Филиалдык түйүнүнө кайрылыңыз жана роуминг кызматын кошуп алыңыз. Кесипкөй адистер Сизди кызмат жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн толук тизмеси менен тааныштырып, кеп-кеңештерин беришет жана  керектүү кызматтарды кошууга жардам беришет.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы