Перейти на новый сайт
MegaCom Туулган күнүн белгилөөдө!

MegaCom Туулган күнүн белгилөөдө!

 

Кыргызстандын алдыңкы оператору 11жылдыгын белгилөөдө! 2006-жылдын 28-апрелинде MegaCom байланыш тармагынын расмий ачылышы болуп, мега-түйүндүн алгачкы абоненттерине байланыш кызматтары көрсөтүлө баштаган.

MegaCom компаниясынын Кыргызстанда жана өлкө аймагынан тышкары да сапаттуу жана жеткиликтүү мобилдик  байланыш тартуулап келе жаткандыгына быйыл 11 жылдын жүзү болду. 3 миллионго чамалуу кыргызстандыктар  MegaComду тандашат. Уюлдук оператордун абоненттери өз жакындары менен ар дайым байланышта болушуп, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдонуп келишет.

MegaCom Кыргызстанда ири мобилдик түйүндү түптөө менен, мобилдик түйүн менен камсыздоо боюнча көч башында келе жатат. Компаниянын адистери каптоо аймагын кеңейтүү жана  байланыш сапатын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келишүүдө. Айта кетсек, MegaCom  2016-жылы  4G LTE технологиясын ишке киргизди. Ал аркылуу жогорку ылдамдыктагы  интернет менен пайдаланган мега-түйүндүн  абоненттеринин саны арбын.

MegaCom – ISO 9001:2015 жаңыланган эл аралык сапаттык стандарттын талаптарына шайкештигин далилдеген, сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык Премиясынын дипломунун ээси жана БУУнун Эл аралык электрбайланыш уюмунун мүчөсү болгон Кыргызстандагы алгачкы жана бирден-бир мобилдик оператор.

«Дүйнөлүк экономикада жана жалпы эле аймакта түзүлгөн татаал жагдайга карабастан, MegaCom уюлдук байланыш чөйрөсүндө ийгиликтүү ишмердик жүргүзүп келет. Компаниянын негизги максаты – бардык кардарларыбызды сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу, жаңы технологияларды ишке киргизүү, абоненттердин мүдөөсүнө төп келген ыңгайлуу тарифтерди жана кызматтарды иштеп чыгуу, тейлөө сапатын жакшыртуу жана ишенимдүү мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү» - деп белгилей кетти компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.

Мобилдик оператор- өлкөбүздүн социалдык долбоорлоруна колдоо көрсөтүп келет. Билим берүү чөйрөсү, ардагерлер жана балдар үйлөрү ар дайым компаниянын көңүл борборунда.  Жыл сайын мамлекеттик казынага салык катары которуулардан тышкары компания мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү, улуттук баалуулуктарга, маданиятка, спортко өзгөчө көңүл бөлүүнү да  эсинен чыгарбайт.

MegaCom компаниясы ушул күнү бардык абоненттерине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет! Абоненттердин ишеними келечекте жаңы бийиктиктерди багындырууга дем берет. FacebookInstagramTwitter жана Одноклассники социалдык түйүндөрдөгү  компаниянын расмий баракчаларынан компаниянын түптөлгөн күнүнө арналган конкурстар жана иш-чаралар тууралуу маалымат алыңыз.

MegaCom – өлкөбүздүн ишенимдүү оператору

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы