Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын түптөлгөн күнүнө арналган конкурстун катышуучусу бол

MegaCom компаниясынын түптөлгөн күнүнө арналган конкурстун катышуучусу бол

Туулган күнүнүн 11 жылдыгына карата өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору мега-конкурс өткөрмөкчү! Майрамдык интерактивге катышып, заманбап смартфон утуп алыңыз!

MegaCom түптөлгөн күнүнөн баштап эле, абоненттерге үнөмдүү тарифтик пландарды, ыңгайлуу кызматтарды жана опцияларды сунуштап келет. Компаниянын иш билги кызматкерлери өлкөбүздүн жалпы  аймагында байланыш туруктуу жана жеткиликтүү болуш үчүн күч-аракет жумшап келишет. Компаниянын 11 жылдан бери өнүгүү чыйырында бара жаткандыгы- алардын эмгегинин үзүрү.

 Мобилдик оператор түптөлгөн күнүнө карата ар дайым жакындар менен байланышта болуу үчүн зарыл болгон смартфондорду ойнотот.

Конкурс эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи  этабында  11 мобилдик  аппараттын ичинен көңүлүңүзгө төп келгенин тандайсыз.   Ушундай жол менен, замандаштарыбыздын кеңири катмары колдонгон 3 смартфонду аныктоого жардам бересиз. Экинчи этабында, конкурстун эң жөнөкөй шарттарын аткаруу менен өз бактыңызды сынап көрүп, эң мыкты деп табылган смартфондордун бирин утуп алсаңыз болот.

Конкурстун шарттары менен толук таанышып жана ага катышууну кааласаңыз, компаниянын Facebook сайтындагы расмий баракчасын барактасаңыз болот.

Конкурска катышып,  MegaCom менен бирге утуштардын ээси болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы