Перейти на новый сайт

MegaCom: «Улуу Жеңиш!» акциясы уланууда

MegaCom: «Улуу Жеңиш!» акциясы уланууда

 

«Улуу Жеңиш!» акциясынын алкагында, 2017-жылдын 10-апрелинен тарта, мобилдик оператордун ар бир абоненти Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтө алат.

1945 кыска номуруна каалагандай текст менен SMS жөнөтүп, бизге ачык асманды, эркиндикти жана бакубат жашоону тартуулаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүү үчүн 20 сом (бардык салыктарды эсептегенде) которо аласыз.

Мындай SMS-марафон уюлдук оператор тарабынан 6 жыл катары менен өткөрүлүүдө. Ардагерлерибиздин жашоосуна кайдыгер карабаган абоненттерибиз тарабынан топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тизмеси боюнча бөлүнөт. 2016-жылдагы акциянын жыйынтыгына токтоло кетсек, 1945 номуруна жөнөтүлгөн смс-билдирүүлөрдүн саны 22 миңден ашып, натыйжада 380 307 сом суммасындагы акча каражаты топтолгон. MegaCom компаниясынын кызматкерлери акча каражаттарын ар бир ардагердин колуна тапшырышат. Бул иш-чара тууралуу отчет сөз түрдө ЖМКга жана компаниянын расмий сайтына жайгаштырылат.

Мындан тышкары, салтка айлангандай эле, 9-Май күнү MegaCom жеке бюджетинин эсебинен республика боюнча колдоого алынган ардагердин ар бирине 2000 сомдон берип, катаал жолду басып өткөн каармандарыбыз жана оорукта эмгектенген ардагерлерибиз үчүн концерт уюштуруп, мекенибиздин аймагында «Жакындарына чалуу» жана «Полктошторго чалуу» деген аталыштагы акысыз байланыш линияларын уюштурмакчы.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы