Перейти на новый сайт
MegaCom: Компаниянын  Кардарларды колдоо кызматы 11 жылдан бери ийгилик чыйырында

MegaCom: Компаниянын  Кардарларды колдоо кызматы 11 жылдан бери ийгилик чыйырында

*500 катары абоненттерибизге таанымал болгон MegaCom Кардарларды колдоо кызматы (ККК) өзүнүн 11 жылдыгын белгиледи!

2006 -жылдын 17-апрелинде MegaCom компаниясынын Call-борборунун адистери алгачкы чалууну кабыл алышкан эле. Ал кезде абоненттик база  7 гана оператор тарабынан тейленсе, жаңы тарифтердин, кызматтардын жана опциялардын  киргизилиши менен операторлордун саны да өсүп жатты. Бүгүнкү күндө аталган бөлүмдө  200 дөн ашуун кызматкер үзүрлүү иштеп келишет.  Ар бир адис күн сайын 100гө жакын чалууну кабыл алат десек аша чапкандык болбойт.

ККК- “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” иш алып барып, кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш менен камсыздап келе жаткан мобилдик компаниянын ири  бөлүмү гана эмес, өлкөбүздөгү эң чоң контакт-борбор да катары белгилүү. Жыл сайын өткөрүлүп туруучу изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, абоненттер MegaComдун Кардарларды колдоо кызматынын адистеринин тейлөө сапатына эң жогорку баасын берип келишет. Алар сурооңузду ар дайым кунт коюп угууга жана жардам берүүгө даяр.

Айлананы курчаган майрамдык маанай Карарларды колдоо кызматынын адистеринин  ишине  тоскоол боло алган жок. Майрамды жумуш менен айкалыштыра билген кесипкөй адистерибиз  *500 линиясы аркылуу байланышка чыккан  ар бир абоненттин чалуусун, адаттагыдай эле, жагымдуу үнү менен кабыл алып жатышты.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы