Перейти на новый сайт
Жаңы өлкөлөр жана кеңири мүмкүнчүлүктөр MegaCom  роуминги менен

Жаңы өлкөлөр жана кеңири мүмкүнчүлүктөр MegaCom  роуминги менен

 

Чет өлкөгө чыгаар алдындагы эң маанилүү нерселер кайсылар? Ыңгайлуу бут кийим, жыл мезгилине ылайык келген кийим-кече, медициналык камсыздандыруу, мейманкана бөлмөсүн же батирди, учакка же поездге билетти алдын ала дайындап коюу. Ооба, бул туура деңизчи. Бирок, эң башкысы – байланыш. Замандаштарыбыз муну  бир ооздон тастыктай тургандыгы бышык. Ыңгайлуу тарифтик пландар жана төлөм жүргүзүү формалары  аркылуу, кайсы жерде гана болбоңуз, ар дайым байланышта болосуз. MegaCom  роуминги – Сиздин ишенимдүү жардамчыңыз. Жакындарыңыз Сиздин алыскы өлкөлөрдүн биринде экендигиңизди сезбей да калышат.

2017-жылдын февралынан тарта  мега-түйүндүн абоненттерине  дагы бир мүмкүнчүлүк  тартууланды. Эми, алар номурларын алмаштырбастан эле төмөнкү операторлордун түйүнүндө жакындары менен байланышта боло алышат:

  •          эсептешүүнүн туруктуу системасы боюнча - DNA (Финляндия), Telenet Group (Бельгия), Bmobile Limited (Папуа-Новая Гвинея), Sevar NV (Аруба) жана Tnmobile (Намибия)
  •          эсептешүүнүн алдын-ала төлөм системасы боюнча- DNA (Финляндия), Telenet Group (Бельгия), Cosmote (Греция), Etisalat-Misr (Египет) жана Monaco Telecom (Монако)
  •          GPRS роуминг - DNA (Финляндия), Orange Moldova SA (Молдова), Plus Communication sh.a (Албания), Telenet Group (Бельгия), Bmobile Limited (Папуа-Жаңы Гвинея), Sevar NV (Аруба) жана Tnmobile (Намибия)

MegaCom роуминг-өнөктөштөрүн тандоодо абоненттеринин мүдөөсүн эске алат. Айрым өлкөлөрдө бир нече операторлор менен роумингдик макулдашуулар түзүү менен каптоо аймагын кеңейтип келет.

Чет өлкөгө сапар тартуунун алдында Компаниянын Филиалдык түйүнүнө кайрылыңыз жана  роуминг кызматын  кошуп алыңыз. Кесипкөй адистер Сизди кызмат жетиштүү болгон өлкөлөрдүн толук тизмеси менен тааныштырып, кеп-кеңештерин беришет жана  керектүү кызматтарды кошууга жардам беришет.

 MegaCom роуминги – дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде гана жүрбөңүз, өзүңүздү үйүңүздө жүргөндөй сезүү мүмкүнчүлүгү.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы