Перейти на новый сайт

MegaComдун «Бактылуу SMSтер» викторинасынын алгачкы миллионери!

MegaComдун «Бактылуу SMSтер» викторинасынын алгачкы миллионери!

«Бактылуу SMSтер» викторинасынын эң активдүүлөрүнүн жана тапкычтарынын ичинен  супер-байгенин- 1 000 000 сомдук утуштун ээси аныкталды. Ал – Бишкек шаарынын тургуну Алмаз Раимбеков.  

«Бир нече ай мурун викторинага катышып, акчалай байгени утуп алууга боло тургандыгынан маалымдар болдум, жөн гана интеллектуалдуу суроолорго жооп берип байге утаарыма толук ишене алган эмесмин. Викторинага катышкан досторумду көрүп, өзүм дагы катышып көрөйүн  деген чечимге келдим. Ошентип досторум менен викторинанын активдүү катышуучусу болдук. Биз бир нече жолу 15 000 сомдук байгени утуп алдык. Бирок менин башкы максатым миллион болчу. Өзүмдү сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгы үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирем» деп  өз кубанычы менен бөлүшө кетти супер-байгенин ээси.

Сиз дагы 15 000 сом, iPhone 6S же мега-байге 3 000 000 сомду  утуп алууңуз мүмкүн. Викторинанын катышуучусу болуш үчүн 2016 номуруна SMS жөнөтүңүз же *2016# чакыруу буйруусун териңиз. 12 сом өлчөмүндөгү абоненттик төлөм үчүн (КНСти жана ССти эсепке алуу менен) сиз түйүн ичинде 20 SMS билдирүү аласыз. Сиздин номурга кезек иретинде жооптун варианттарын камтыган суроолор келет. Ар бир туура жооп үчүн сизге 10 балл эсептелет. Аз убакыттын ичинде мүмкүн болушунча көп балл топтогон катышуучу жеңүүчү болуп саналат.

Илим,тарых, маданият жана искусство тармактары боюнча билимиңиздин мыкты экенин көрсөтүңүз. Жоопторду жөнөтүүдө ыкчамдык өзгөчө мааниге ээ экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Викторина  жана ага катышуунун эрежелери менен luckysms.megacom.kg. сайтынан таанышууга болот.

 

UPD: Урматтуу абоненттер, эки жолку миллионер Алмазбек Райымбековго байланыштуу түзүлгөн жагдайдын негизинде  "Бактылуу SMSтер" викторинасынын жыйынтыктары кылдат текшерилип чыкты. Биринчи кезекте, MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгүнүн негизин чынчылдык, тактык жана адамдарды сыйлоо сыяктуу баалуулуктар түзө тургандыгын белгилей кетели.  Компаниянын ар бир кызматкери аталган  принциптерге ылайык  иш алып барат.  

Түзүлгөн жагдай боюнча төмөндөгүнү маалымдайбыз:  

«Бактылуу SMSтер» викторинасынын алгачкы жеңүүчүсү – миллион сомдук утуштун ээси викторинанын эрежелеринде баяндалган критерийлер (http://luckysms.megacom.kg/ шилтемесинде) боюнча аныкталды. Баллдарды эсептөөдө катачылыктарга жол берилбегендигин жана викторинанын бардык шарттарынын сакталгандыгын тастыктаган бир нече текшерүүлөр жүргүзүлдү. Алмазбек Райымбеков викторинага катышуунун бардык шарттарын аткарган, тактай кетсек, жеңүүчү да, анын туугандары да мобилдик операторлордун кызматкерлери  болуп саналбайт. Өз кезегибизде, чилистендиги менен жеңишке жетишкен  Алмазды дагы бир ирет куттуктай кетмекчибиз!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы