Перейти на новый сайт
MegaCom: «32 ГБ БЕЛЕККЕ» акциясы узартылды!

MegaCom: «32 ГБ БЕЛЕККЕ» акциясы узартылды!

 

MegaCom «32 ГБ БЕЛЕККЕ» акциясы мега-түйүндүн он миңдеген абоненттеринин көңүлүнө төп келди.  LTE-абоненттеринин  санынын  күн санап өсүүсү менен,  4G түйүнүнүн  каптоо аймагы да кеңейип келүүдө. Айтмакчы, аталган акциянын аракет мөөнөтү экинчи жолу узартылды. Эми, 2017 -жылдын 30-июнуна чейин 32 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетти акысыз аласыз, болгону  MegaComдон 4G LTE түйүнүн кошуп алуу жетиштүү. Кошуу буйруусу : *460 (чалуу).  

 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясын кошууда, сиздин түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз LTEни колдой тургандыгын текшерип алыңыз. Эгерде *460 буйруусун тергенден кийин системадан  «SIM-картаны алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакын жерде жайгашкан ЦентрСатуу жана тейлөө борборуна  же Фирмалык салонуна  кайрылыңыз, ал жерден эски  SIM-картаңызды  4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

Жаңы байланыш технологиясынын – MegaCom 4G LTE түйүнүнүн   бардык артыкчылыктарынан пайдаланыңыз. Сүйүктүү оюндарыңызды жана тиркемелериңизди, социалдык тармактардын баракчаларын, мукам обондорду жана фильмдерди акысыз жүктөп алыңыз.Канча убакыт талап кылына тургандыгына кызыгып жатасызбы? Саналуу секундалар гана.

Акция боюнча кошумча маалымат компаниянын сайтында

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы