Перейти на новый сайт

MegaCom Бишкекте  болуп  өткөн  велосезондун ачылышына колдоо көрсөттү

MegaCom Бишкекте  болуп  өткөн  велосезондун ачылышына колдоо көрсөттү

2017-жылдын велосезону расмий түрдө ачык  деп жарыяланат!  26-март күнү  жүздөгөн велосипедчендер Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү менен өтүп жатышты.  MegaCom компаниясынын байрагынын астында өткөн иш-чарага катышкандардын саны  өткөн жылдарга салыштырмалуу арбып, бир жарым миңден ашты. Алардын катарында  үйрөнчүктөрдүн да, профессионалдардын да болгондугу кубандырбай койбойт.

Велосезонду ачуу адаттагы көрүнүш болуп калды десек болчудай. Жадыраган жазды утурлай  өткөрүлүп келе жаткан бул иш-чараны чыдамсыздык менен күткөндөр көп.  Айрымдары бул күн келгенче темир тулпарларын даярдаса, айрымдары убактылуу колдонуу үчүн велосипед алууга ашыгып жатышкандыгы бекеринен эместир. Иш-чараны өткөрүүгө бир жума калганда ижарага велосипед табуу да кыйын.

Дем алыш күнү Революциянын каармандары аянтына борбор шаарыбыздын  булуң-бурчунан келген велосипедчендер жыйнала баштады. Старт жарыяланганча чогулгандар бири-бири менен баарлашып, тааныштарын жана  досторун кезиктирип, MegaCom фирмалык футболкаларын кийип алышып эстеликке сүрөткө түшүп, таасирлери менен социалдык тармактарда бөлүшүп жатышты. Майрамдык маанай өкүм сүрүп, стартты чыдамсыздык менен күтүп жатышкандыктары жүздөрүнөн  көрүнгөндөй.

Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына чогулуп, жолдо жүрүү эрежеси менен таанышкандан кийин MegaCom компаниясынын  башкы  директору баштаган велоколонна, жазгы сыдырым  жел менен жарыша, Түштүк дарбазасындагы  Жеңиш паркына карай бет алды. Шаар тургундары велосипедчендерди таң калуу менен да, кубануу менен да узата карап жатышты. Автоунаачандар велоколоннанын өтүп кетүүсүн чыдамкайлык менен күтүп,  сигнал берүү менен колдоп турушту. Жеңиш паркындагы алып баруучулардын ажайып  оюн-зооктору жагымдуу маанай тартуулагандыктан катышуучулар чарчаганын да билбей калышкандай. Кызыктуу конкурстар өткөрүлүп, аларга катышкандар мобилдик оператордон фирмалык белектерди утуп алышты. Бир аз тыныгып алгандан велосипедчендер  «Фламинго» паркына барып даамдуу палоодон даам сызышты. Жолугушуу  «BOOM Studio» Ассоцияциясынын колдоосунда "R-Bikers" тоо велоспорт Федерациясы тарабынан өткөрүлгөндүгүн баса белгилей кетели.

Мобилдик оператор Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө жана колдоого өзгөчө маани берүү менен, 8-апрелде Ош шаарында болуучу  велосезондун ачылышына чакырат. Кызыктуу маалыматты компаниянын megacom.kg сайтынан жана компаниянын FacebookInstagramTwitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан билип турсаңыз болот.

MegaCom - спорт  жана сергек  жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы