Перейти на новый сайт
MegaCom бадминтон боюнча алгачкы республикалык турнирге колдоо көрсөттү  

MegaCom бадминтон боюнча алгачкы республикалык турнирге колдоо көрсөттү

MegaCom компаниясы Кыргызстандын Бадминтон жана сквош Федерациясы уюштурган Dostor Badmin Open 2017 бадминтон боюнча республикалык турнирди өткөрүүнүн өнөктөшү болду. Мыкты спортчулар мобилдик оператордон фирмалык белектерди алды.

Көптөн күткөн турнирге 40 ашуун спортчулар катышты: студенттик биринчиликте 18 адам, чоңдор тобуна – 22 адам катышты. Студенттик биринчиликте жеңишке жетүү үчүн БААУнун студенттери жана Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары күчтөрүн сынашты. Биринчи орунду түрк лицейинин окуучулары Айдана Долотбекова жана Ырыс Валиева ээлешти, ардактуу экинчи орунду БААУнун студенттери Билал жана Фатима Джафари алышты, үчүнчү орунга Аксана Сагынбекова жана Канышай Толомушова, Мижгона Абдулназарова жана Бибимисри Куданазарова татыктуу болушту. Чоңдор тобунда спорттун ардагерлери ойноду. Бул категорияда Ким Енг Гу жана Хам У Соек (Түштүк Корея) жеңищке жетишти, экинчи орунду Игорь Середенко жана Алексей Цой (Казакстан) татыктуу болушту, ал эми ардактуу үчүнчү орунду болсо Син Мэн жана Хан (Кытай), Асхат Хисамутдинов жана Андрей Пак (Казакстан) ээлешти.

Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө жана колдоого MegaCom өзгөчө маани бөлүп келет. Мобилдик оператор көп жылдан бери эң кызыктуу спорттук мелдештерди жана чемпионаттарды көрсөтүүгө колдоо көрсөтүп келет.

MegaCom  спорт  жана сергек  жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы