Перейти на новый сайт
MegaCom 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүдө

MegaCom 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүдө

Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүсүн улантууда. Эми MegaComдон 4G-интернет кызматы 3 шаар жана 13 калктуу конушта колдонууга жеткиликтүү.

Чүй облусу: Шопоков ш., Лесное а., Манас а., Учкун а., Кара-Сакал а., Күнтуу а., Кичи Шалта жана Чоң-Жар айылдары.

Ош облусу: Өзгөн ш., Ноокат ш., Өзгөрүш а., Гүлстан а., Кызыл-Тейит жана Фрунзе айылдары.

Жалал-Абад облусу: Кургак-Көл жана Күмүш-Азиз айылдары.

Мобилдик оператор учурдагы базалык станцияларды модернизациялоо жана жаңыларын орнотуу менен жаңы жогорку ылдамдыктагы технологияны өнүктүрүп келет. MegaComдон 4G LTE түйүнү Бишкек, Ош, Кара-Балта шаарларында жана ошондой эле Чүй облуснун Новопокровка айылында жана Жалал-Абад облуснун Сузак айылында мындан дагы жакшы иштеп жатат.

Техникалык бөлүмдүн адистеринин аткарган иштеринин жардамы менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чолпон-Ата, Каракол, Кант, Кара-Балта, Токмок жана Кара-Суу шаарларынын жана ошондой Чүй облуснун 24 айылынын, Ош облуснун 13 айылынын жана Ысык-Көл облуснун 7 айылынын тургундары заманбап технологиянын кызматтары менен колдонуп келишет.

MegaComдон жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошоордун алдында сиздин түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин  системадан «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

MegaComдон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы