Перейти на новый сайт

MegaCom эксперттери мобилдик интернетти колдонуунун ыңгайлуу жана  үнөмдүү жолдору тууралуу

MegaCom эксперттери мобилдик интернетти колдонуунун ыңгайлуу жана  үнөмдүү жолдору тууралуу

 

Смартфондордун саны көбөйүп, мобилдик интернетке болгон талап өсүп келүүдө. Ал эми, бардык эле колдонуучулар кызматты колдонууга сарпталуучу  чыгымдарын үнөмдөөгө боло тургандыгын биле бербесе керек. Кеп  мобилдик интернетке сарпталуучу  каражатты үнөмдөө, мобилдик аппаратты тууралоо жана ыңгайлуу тарифти же опцияны тандоо тууралуу болмокчу. Анда эмесе, кеп кезеги MegaCom эксперттеринде.

  1. Интернет топтомдорун кошуңуз, анткени бул жерде «дүңүнөн арзан» деген принцип аракетте.
    «Күн-Түн» түркүмүнүн топтомдору – бул үч эсе пайдалуу: күндүзгү топтом, түнкү чектөөсүз интернет жана MegaComдун 4G түйүнүнө кошулууда күндүзгү трафиктин көлөмүндөгү бонус берилет.
    «Элдик» тарифтик планы –жогорку ылдамдыктагы интернет суткасына  24 саат бою, жана да мүнөттөр жана SMS билдирүүлөр түрүндөгү бонус. Бул тариф жөнөкөй, ыңгайлуу жана үнөмдүү. Жүз миңдеген абоненттердин тандоосуна татыктуу болгондугу да бекеринен эместир.           

  2. Мобилдик оператордун жаңы жана ыңгайлуу сунуштарын тандаңыз.
    «АР ДАЙЫМ Интернет» тарифтик планы – бул көлөмү чектелбеген жана абоненттик төлөмсүз интернет.
     
  3. Сайттардын жана популярдуу социалдык түйүндөрдүн мобилдик версиясын колдонуңуз.
    Сайттын мобилдик версиясы дайыма жеңилирээк келет, ошондуктан тезирээк жүктөлөт жана мобилдик интернетти азыраак сарптайт.
  4. Браузериңизде трафикти үнөмдөө режимин коюп алыңыз.
  5. Смартфонуңуздун программалык камсыздоосун жана орнотулган колдонмолордун версияларын байма-бай жаңыртып туруңуз, себеби аларды иштеп чыгуучулар трафикти көзөмөлдөө жана каражаттарды үнөмдөө боюнча жаңы чечимдерди сунуштап турушат. 
  6. Трафикти керектөөнүн лимиттери жана белгиленген чекке жеткендиги тууралуу маалымдоону алып турууну алууну каалайсызбы?  Муну мобилдик телефондун тууралоосуна кирип  ишке ашырууга болот. 
  7. Сиз сейрек  колдонгон колдонмолордун «маалымат алмашуунун фондук режимин» өчүрүңүз.
  8. Жаңыланган колдонмолорду Wi-Fi аркылуу гана көчүрүңүз. 
  9. WiFi менен колдонуп жаткан учурда мобилдик интернетиңизди өчүрүп коюуну эсиңизден чыгарбаңыз.

MegaCom компаниясы байланыш кызматтарын көрсөтүүдө кыйынчылыктар болгон учурда, абоненттерин маалыматтык жактан колдоого жана ыкчам жардам берүүгө ар дайым даяр. *500 кызматынын, Сатуу жана тейлөө борборлорунун жана Фирмалык салондордун адистери  сизге кеп-кеңеш берип жана суроолоруңузга жооп беришет.  Мындан тышкары,  «SMS – кеңешчи» кызматы боюнча сизди кызыктырган суроо боюнча акысыз SMS-билдирүү жөнөтсөңүз да болот. Мындан тышкары, «Онлайн-жардамчы» сервисинен да колдоно аласыз. Аталган кызмат компаниянын расмий сайтында суткасына 24 саат бою сиздин кызматыңызда.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы