Перейти на новый сайт

Ишкерлер үчүн мыкты табылга болгон MegaCom  эксклюзивдүү топтомунун ээси болууга ашыгыңыз

Ишкерлер үчүн мыкты табылга болгон MegaCom  эксклюзивдүү топтомунун ээси болууга ашыгыңыз

Абоненттеринин көп сандаган өтүнүчтөрү  боюнча  MegaCom атайын конкурс өткөрүүдө. Атайын конкурска катышып, 2017-жылга карата чыгарылган күндөлүк, столго коюлуучу жана тамга илинүүчү календардан турган топтомду утуп алыңыз. Конкурстун шарттары менен Facebook социалдык тармагындагы компаниянын расмий баракчасы аркылуу таанышууга болот. Анда эмесе, чамдаңыз!

Компаниянын 2017-жылга карата эксклюзивдүү календары шырдак темасында болду. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, шырдак ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилген. Улуттук баалуулуктар-мобилдик оператордун  көңүл борборунда. Календардын ар бир бетине түшүрүлгөн  шырдактарга жакшылап көз жүгүрткөн адам ар бир оюуда өзгөчө сыр катылып жаткандыгын байкабай койбойт. Маселен, шырдактын жээктериндеги ак жана кара үч бурчтуктар тоолорду элестетет. Кызыл жана ак түстөр тукум улоо, жашыл түс тоолорду, көк жана кызыл өңдөрдүн айкалышы көл бермети Ысык-Көл менен чокусу  асман тиреген   Ала-Тоонун биримдигин чагылдырат.

Календарды жасалгалоо үчүн колдонулган шырдактардын автору- Зымраткан Сакеналиева.  Колунан көөрү төгүлгөн чебер уз  Нарын облусунун Ат-Башы айылынан. 20 жылдан бери шырдак жасоо менен узанып келет. Бүгүнкү күндө анын чеберканасында 60ка жакын кол өнөрчүлөр  эмгектенишет. З.Сакеналиеванын  эмгектери  «Кыргыздардын салттуу килемдерин-ала кийизди жана шырдакты даярдоо искусствосу» аталмасын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине  киргизүү боюнча ЮНЕСКОнун сертификатына  ээ.Көргөндүн көзүн тайгылткан кооз шырдактар  көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык көргөзмөлөрдө, конкурстарда жогорку баага татыктуу болуп келет.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы