Перейти на новый сайт

Кесиптешибиз толук метраждуу фильмде башкы ролду ойноду

Кесиптешибиз толук метраждуу фильмде башкы ролду ойноду

 

MegaCom жамааты таланттарга бай. Компаниянын ынтымактуу жамаатында эмгектенген кызматкерлердин ар бири жумуш маалында өз ишин мыкты билген адис болсо, ал эми бош убактысында ырчы, музыкант, сүрөтчү, акын, спортчу, өзгөчө коллекциялардын ээси, саякатчы жана актер, айтор ар тараптуу адамдар. Алардын бири- кардарлар менен иш алып баруу боюнча адис Бакай Бакир уулу. Бакай «Жамгырдан кийинки күн желеси» алгачкы кыргыз-жапон драмасында башкы ролду ойноду.

Таланттуу кесиптешибиз  бул  тасмага чейин Шайырлар жана тапкычтар клубунун катышуучусу болгон жана ата мекендик сериалдарда жана фильмдерде эпизоддук ролдорду жаратып келген. 2014-жылы жаңы фильмге актерлор изделип жатканын угуп, өзүнүн портфолиосун жана фотосүрөттөрүн жөнөткөн. Турпаты башкы каарманга төп келе тургандыгын, анын чеберчилигин байкаган режиссеру Абай Усеналиев Бакайды башкы каармандын ролуна тандап алган. Алгач фильм кыска метраждуу болмок, бирок тасманы тартуу процессинде толук метраждуу көркөм фильмди тартуу чечими кабыл алынган. Тасманы тартуу 2 жылга созулган. Жапонияга баргандыгы Бакай үчүн эң эсте калаарлык болду көрүнөт. Ал  алыскы күн чыгыш өлкөсүнүн өзгөчө маданияты жана жапондуктар менен таанышуудан өзгөчө таасир алган. Тасма тартылып жаткан учурда Токионун Сибуя көчөсүндө миңдеген адамдардын көзүнчө  бакырып ыйлоо оңой болгон жок.

«Тасма сапаттуу жана кызыктуу болуш үчүн биздин топтун даярдыктары жакшы болду. Ар бир көрүүчү «Жамгырдан кийинки күн желеси»  тасмасынан өзү үчүн маанилүү нерсе таба ала тургандыгына ишенем» - деген ою менен бөлүшө кетти,  тасмада  башкы каармандын образын жараткан кесиптешибиз Бакай  Бакир уулу.

MegaCom компаниясы өзүнүн кызматкерлеринин чыгармачылыгын колдойт жана алардын ийгиликтери менен жеңиштерине сыймыктанат!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы