Перейти на новый сайт

MegaCom түйүнүндөгү мобилдик эсепти толуктоо үчүн комиссия 5 сомдон ашык эмес

MegaCom түйүнүндөгү мобилдик эсепти толуктоо үчүн комиссия 5 сомдон ашык эмес

 

Балансты толуктоо үчүн комиссия 10 сомго чейинки өсүүсү тууралуу мобилдик оператор билдирет, MegaCom түйүнүндөгү абоненттер үчүн төлөм алуу наркы мурункудай (5 сомдон ашпайт) кала берет. MegaCom абоненттери балансты толуктоо үчүн комиссияны 5 сомдон көп төлөгөнү эрежеден тышкары шарт болуп эсептелинет. Төлөм жүргүзүү үчүн ашыкча комиссия төлөгөн баардык абоненттер *500 номуру боюнча кайрылып билдирүү калтыруусу мүмкүн. Ар бир жагдай сөзсүз түрдө каралат жана тийиштүү чаралар көрүлөт.

Абоненттер толуктоо кызматы үчүн каражаттарын ашык төлөбөшү үчүн мобилдик оператор кам көрүп келет. Бул үчүн балансты ар түрдүү 0 сом комиссиясы менен толуктоо жүргүзгөн мүмкүнчүлүктөр каралган:

  • Компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда (өлкө боюнча 77), даректери менен megacom.kg сайтынан таанышууга болот;
  • «Народный» дүкөндөрүндө жайгашкан брендделген MegaCom терминалдарында (өлкө боюнча 43);
  • 200дөн ашуун MegaCom промоутерлери комиссиясыз балансты толуктоо кызматын көрсөтөт;
  • GeoPay, «Элсом», «Мобильник» электрондук капчыктары аркылуу;
  • 30, 50, 100, 200, 400 жана 700 сом номиналдарындагы АТК – карталары (алдын ала төлөө картасы). Бул алыскы аймактар болуп, компаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылууга мүмкүнчүлүгүңүз болбогон учурда, балансты толуктоонун ыңгайлуу жолу;
  • megacom.kg сайтынан жеке кабинет аркылуу.

Ошондой эле MegaCom компаниясы балансты толуктоонун башка жолдорун эсиңиздерге сала кетмекчи. Бул учурда балансты толуктоо үчүн комсиссия 5 сомдон ашпайт:

  • Төлөм жүргүзүү терминалдары, өлкө боюнча 3000ден ашуун;
  • Банктардын кассалары;
  • «Кыргыз почтасы» почталык бөлүмдөрү;

«Эл аралык төлөм» - бул Кыргызстандын аймагынан тышкары жерден балансты толуктоо мүмкүнчүлүгү. Орусия жана Казакстандын аймагында 20 000ден ашуун төлөм жүргүзүү түйүндөрү.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы