Перейти на новый сайт
​​​​​​​MegaCom өлкөбүздүн мыкты оператору болуп таанылды

MegaCom өлкөбүздүн мыкты оператору болуп таанылды

«Эркин Тоо» республикалык гезити 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, белгилүү саясатчылардын, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн, меценаттардын жана ири компаниялардын жетекчилеринин катышуусу менен өткөн салтанаттуу иш-чарада өз ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыктыларды белгилеп өттү. Кыргызстандыктарды ишенимдүү жана сапаттуу байланыш менен камсыз кылып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп келген MegaCom компаниясы өлкөбүздүн мыкты оператору Дипломун алды.

«Эркин Тоо» гезитинин атайын чыгарылышында MegaCom компаниясы өткөн жылдагы киреше, салык төлөмдөрү, техникалык өнүгүү, ыңгайлуу тарфитерди жана кызматтарды ишке киргизүү багыттарындагы аткарылган иштери боюнча ишмердүүлүгүн жыйынтыктады.

2016-жылы Компания ишмердүүлүгүнүн 10 жылдыгын белгилеп, 4G LTE инновациялык жогорку ылдамдыктагы технологиясын жана ISO 9001:2015 эл аралык Сапат стандартына шайкеш келген жаңы сайтын ишке киргизди. Мобилдик оператор «Жыл тандоосу» фестиваль-конкурсунун алкагында «#1мобилдик оператор» жана жыл сайын өткөрүлүүчү #OneMagazine AWARDS 2016 ачык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында жылдын оператору наамына татыктуу болду.

Компания социалдык долборлорду ишке ашырып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана балдар үйүнө байма-бай каржылык жардамын көрсөтүп келет. Мобилдик оператор масштабдуу длобоорлордун башкы демөөрчүсү катары маданият жана спорттун өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлүп, улуттук баалуулуктарга колдоо көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы