Перейти на новый сайт
MegaCom: 2016-жылда Интернет-трафик 2 эседен көп өстү

MegaCom: 2016-жылда Интернет-трафик 2 эседен көп өстү

 

MegaCom  өз түйүнүндө мобилдик түзмөктөрдүн колдонулушуна талдоо жүргүзүп, 2016-жыл  үчүн  digital-жыйынтыктарды чыгарды. 2016-жылы Интернет-трафик  2015-жылга салыштырмалуу 2 эседен көп өстү. Таң калаарлык, бирок  факт –  мессенджерлер доорунда  жөнөтүлгөн  SMS билдирүүлөрдүн саны 2016-жыл үчүн  мурдагы жылга салыштырмалуу 2 эсеге өстү, башкача айтканда  MegaCom абоненттери 450 миллионго чамалуу билдирүү жөнөткөн.  Үн чалууларына токтоло кетсек, 2016-жылы абоненттерибиз жалпысынан алганда  4 миллиард мүнөт  сүйлөшкөн, бул  7 600 жылга чамалуу убакыттын ичинде тынымсыз сүйлөшүү дегенге барабар.

Өткөн жыл уюлдук оператор  үчүн жагымдуу окуяларга жана  ийгиликтерге бай болду. 2016-жылдын март айында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Бишкек  шаарларында  жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясы ишке киргизилди. Техникалык бөлүмдүн адистеринин байма-бай аткарган иштери өз жемишин бербей койгон жок.  Ысык-Көл, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары  жогорку ылдамдыктагы кызматтар менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жыл соңунда , Кыргызстанда алгачкы болуп, 4G LTE түйүнүндө LTE 1800 жана LTE 2100 диапазондорундагы  жыштыктарды агрегациялоонун инновациялык технологиясын ишке киргизип, натыйжада   маалымат жөнөтүү ылдамдыгы 2 эсе көбөйдү.

Компания  абоненттердин суроо-талаптарына шайкеш келген  тарифтерди жана кызматтарды ишке киргизип келет. Ыңгайлуу тариф же кызмат тууралуу толугураак маалыматты компаниянын megacom.kg сайтынан, Сатуу жана тейлөө борборлорунан же Фирмалык салондорунан билсеңиз болот.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы