Перейти на новый сайт

MegaCom түйүнү жаңы жылдык жүктөмдөрдөн ийгиликтүү өттү

MegaCom түйүнү жаңы жылдык жүктөмдөрдөн ийгиликтүү өттү

 

MegaCom түйүндүн жаңы жылдык түндө иштешинин жыйынтыгын чыгарууда – түйүндүн үзгүлтүксүз иштөөсү миллиондогон SMS-билдирүүлөрдү жана чалуу аткарууларды камсыз кыла алды. Салтка айлангандай эле мега-түйүндүн миллиондогон абоненттери бири-бирин куттуктап, 31-декабрь күнү 23:00дөн 1-январь күнү 01:00гө чейинки аралыкта уюлдук кызматтар менен көп колдонушту, бул түйүндөгү жүктөмдү бир нече жолу жогорулатты. MegaCom техникалык кызматтары 31-декабрь күнү эртең менен эле жабдууга эки эсе жүктөм болгонун белгилей кеткен, күндүн экинчи жарымында жүктөмдүн өсүшү байкалган.

Мега-түйүндүн абоненттери 31-декабрь күнү 8 миллионго жакын чалуу аткарып, куттуктоолору менен 2 миллионго жакын SMS-билдирүү жөнөтүшкөн. Мессенджерлер жана социалдык түйүндөр көп колдонулганына байланыштуу, жыңы жыл түнү популярдуу кызмат мобилдик интернет болду. MegaCom түйүнү аркылуу 45 ТБга жакын маалымат өткөн.

Жаңы жыл түнү MegaCom түйүнү өлкөбүздүн баардык аймактарын туруктуу байланыш менен камсыз кыла алды. Буга түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүүгө жана маалыматты өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга, мобилдик түйүндүн коммутаторлору арасында кошумча транспорттук агымын ишке киргизүү, каналдарды кеңейтүү жана жүктөм көп учурундагы түзүлгөн маселени чечүүгө багытталган иш аракеттер өбөлгө түздү. Компаниянын техникалык кызматынын аракеттери менен MegaCom абоненттери жакындарын куттуктап, майрамдык маанайы менен бөлүшө алышты.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы