Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Кыргызстандын мыкты дзюдочуларын сыйлоо аземинин башкы демөөрчүсү

MegaCom компаниясы Кыргызстандын мыкты дзюдочуларын сыйлоо аземинин башкы демөөрчүсү

MegaCom 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мыкты дзюдочуларын сыйлоо аземинин башкы демөөрчүсү.

Жаш курагы категориясы боюнча мыкты үчөөнө: өспүрүмдөргө, жаштарга жана чоңдорго, ошондой эле алардын машыктыруучуларына Кыргызстан дзюдо Федерациясынан атайын белектер берилди. Спортчулар MegaComдон фирмалык белектерди жана аларга арналган спорттук костюмдарды алышты.

Чоңдор арасында мыкты дзюдочу деген наамын Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндарда 100 килограммдан ашык салмак категориясында 7-орунду ээлеген катышуучу Юрий Краковецкий алды. Ошондой эле анын жеке машыктыруучусу Сергей Мистрюков сыйланды. Кочи (Индия) шаарында өткөн жаштар арасында дзюдо боюнча Азия Биринчилигинде экинчи орунду ээлеген Азамат Бектурсунов жаштар арасында мыкты деп таанылып, анын машыктаруучусу Гапар Турсуналиев сыйлык менен белгиленди. «Өспүрүмдөр» категорисында, Якутск (Орусия) шаарында өткөн «Азия Балдары» Эл аралык спорттук Оюунун чемпиону - Айбек уулу Кубанычбек болду. Машыктаруучусу Бакыт Жусупов келечектеги чемпиондорду өстүрүп жаткандыгы үчүн сыйланды.

Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө жана колдоого MegaCom өзгөчө маани бөлүп келет. Өлкөбүздүн ири мобилдик оператору көп жылдан бери эң кызыктуу спорттук мелдештерди жана чемпионаттарды көрсөтүүгө колдоо көрсөтүп келет.

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы