Перейти на новый сайт

MegaCom  2016-жылдын  жыйынтыгын чыгарды

MegaCom  2016-жылдын  жыйынтыгын чыгарды

Үстүбүздөгү жыл  «Альфа Телеком» ЖАК үчүн  позитивдүү жана ийгиликтүү болду десек  жаңылышпайбыз.Компания ишмердүүлүгүнүн 10 жылдыгын белгилеп, 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясын ишке киргизди.Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта эле компания мобилдик байланыш тармагындагы позициясын бекемдөөгө багытталган бир катар стратегиялык милдеттерди иш жүзүнө ашырууга белсене киришти.

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов  жана  компаниянын негизги бөлүмдөрүнүн жетекчилери республикалык ММК өкүлдөрүнө  2016-жылдагы коммерциялык жана  операциялык көрсөткүчтөр, жаңы  тенденциялар, техникалык өнүгүү жана келечек пландар тууралуу кеп учугун улашты.

 

Түшкөн каражат жана бюджетке төлөмдөр

2016 -жылы 12 ай ичинде  MegaCom компаниясынын кирешеси 7 миллиард сомду түздү.  2016-жыл үчүн компаниянын бюджетке төлөгөн  салыктар түрүндөгү  жана башка төлөмдөрү болжол менен 1 миллиард 504 миллион сомду түзмөкчү. Жалпысынан алганда акыркы 5 жыл ичинде республикалык бюджетке салык иретинде жана башка төлөмдөр түрүндө 9 миллиард 308 миллион сом жана дивиденд катары 6 миллиард 606 миллион сом төлөнгөн.

 

4G LTE түйүнүн масштабдуу ишке киргизүү

Мааракелик жылда  MegaCom алгачкылардан болуп 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясын 800, 1800 жана 2100 МГц жыштыктарынын үч диапазонунда Ош, Жалал-Абад жана  Бишкек шаарларында ишке киргизди. 4G технологиясы менен  камсыз болуп жаткан калктуу конуштардын саны күн санап өсүүдө. 

Келечекке жумшалган инвестициялар: Була-оптикалык байланыш линиялары

2016-жылы  була-оптикалык байланыш линияларын куруу планы толугу менен ишке ашырылган. Бишкек-Балыкчы-Нарын-Жалал-Абад-Ош магистралдык линиясын курулуп, ишке киргизилген.  Бишкек жана Ош шаарлары боюнча сайттарды кошуу үчүн бир катар жумуштар аткарылды. Сөзүбүзгө аралжы, 2017-жылы Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнүн чек аралаш аймактарында туташтыруучу жеке оптикалык түйүндөрдү куруу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, облустар арасында була-оптикалык байланыш линияларын куруу, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында оптикалык түйүндөрдү кеңейтүү иштери улантылмакчы.

 

Ыңгайлуу тарифтер жана кызматтар

Телекоммуникация тармагындагы катаал атаандаштык шарттарында MegaCom компаниясы кардарлардын мүдөөсүнө төп келген ыңгайлуу тарифтерди жана кызматтарды иштеп чыгууда. Белгилей кетсек, өткөн жылга салыштырмалуу үстүбүздөгү жылы интернет-трафик 2,5 эсе өстү. Бул 4G LTE түйүнүнүн, жаңы тарифтердин жана «32ГБ БЕЛЕККЕ» акциясынын ишке киргизилишине байланыштуу. Бүгүнкү күндө 1 МБ интернеттин наркы 5 тыйынды түзөт, бул 2015-жылга салыштармалуу 2 эсе арзан.

Абоненттердин интернетке болгон  талабынын өсүп жаткандыгын  эске алуу менен, MegaCom тарабынан атайын тарифтерди ишке киргизилди:

  • «Чектөөсүз 4G»  тарифи 4G-роутерлер, 4G-модемдер жана башка мобилдик түзмөктөр үчүн ыңгайлуу;
  • «Ар ДАЙЫМ Интернет» тарифи – бул смартфон үчүн жогорку  ылдамдыктагы жеткиликтүү интернет.

Тарифтерден тышкары жаңы инновациялык кызматтар да байма-бай сунушталып келет. MegaComдун  ыңгайлуу кызматтарын колдонуу менен, абоненттер мобилдик байланышка жана жогорку ылдамдыктагы интернетке сарпталуучу чыгымдарын көзөмөлдөй алышат.

Дүйнөлүк экономикада жана жалпы эле аймакта түзүлгөн татаал абалга карабастан, MegaCom телекоммуникация чөйрөсүндө ийгиликтүү ишмердик жүргүзүп келет. Компания техникалык өнүгүүгө, абоненттердин мүдөөсүнө төп келген ыңгайлуу тарифтерди жана кызматтарды иштеп чыгууга, тейлөө сапатын жакшыртууга жана ишенимдүү мобилдик байланыш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүүдө», - деп белгилей кетти Азат Базаркулов.

Пресс-конференция аяктагандан кийин компания боюнча пресс-тур өткөрүлдү. Журналисттер уюлдук оператордун иш билги  адистеринин  ишмердиги менен жакындан таанышышты.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы