Перейти на новый сайт
MegaCom: мобилдик шылуундардан сак болуңуз

MegaCom: мобилдик шылуундардан сак болуңуз

 

Мобилдик түйүндөрдүн өнүгүшү менен телефондук шылуундуктун жана мобилдик түзмөктөрдүн ишине зыян алып келүүчү колдонмолордун саны арбууда. MegaCom  компаниясы абоненттерине кам көрүп, алардын коопсуздугун көз жаздымда калтырбай келет. Макалабыз шылуундук менен байланышкан жагымсыз жагдайлардын алдын алуу үчүн көрүлүүчү чаралар жана негизги коркунуч булактары тууралуу болмокчу.

1. Зыяндуу колдонмолор

Android смартфондорунун жана планшеттеринин ээлери үчүн башкы коркунуч— бул зыян алып келүүчү колдонмолор. Аларды расмий түрүндө да, башка булактар аркылуу да жүктөп, түзмөккө орнотуп алууга болот. Мындай колдонмолор бардык эле учурда коркунучсуз болбойт, төмөндөгүдөй жагымсыз учурлар болушу мүмкүн:

  • Мобилдик ботнетке кирип калуу коркунучу. Сиздин түзмөгүңүз шылуундун буйруусу менен SMS жөнөтүп, сайттарга кирип, телефон китепчеңиз боюнча спам-жөнөтмөлөрдү жөнөтө баштайт. Бул тууралуу сиз билбей да калышыңыз мүмкүн.
  • Акча каражаттарынын алынышы. Зыян алып келүүчү мобилдик колдонмолор SMS билдирүүлөрдү сиздин телефонуңуздагы номурларга гана жөнөтпөстөн, белгилүү бир акы төлөнүүчү номурларга жөнөтүүсү мүмкүн, акы төлөнүүчү номурларга SMS жөнөтүүнүн наркы кадимки SMS жөнөтүүнүн наркынан бир топ жогору. Бул жагдайда «Сиздин аккаунт бузулган», «Антивирус эскирген. Тез арада жаңыртыңыз», «Сага билдирүү келди» деген мүнөздөгү эскертүүлөр болушу мүмкүн, көрсөтүлгөн шилтемеге өтүүдө телефонуңузга вирус кирип, эсебиңиздеги каражатты коротот же бөгөттөөдөн чыгаруу үчүн белгилүү бир номурга каражат которууну сунуштап системанын иштөөсүнө толугу менен бөгөт койот. Мобилдик шылуундар «Качан турмушка чыгаарыңды бил!» же «эки жумада кантип 15 кг ашыкча салмактан арылса болот? Супердиета!» деген мүнөздөгү кызыгууну жараткан жарнамалык баннерлери менен өзүнүн сайтына азгырган учурлар дагы кездешет. Мындай баннерди ачууда интернет колдонуучу мобилдик шылуун иштеп чыккан сайтка кирет, ал жерден колдонуучуга телефонунун номурун терүүнү сунуштайт. Телефон номурун терүүнүн себептери ар түрлүү мисалы, көп учурда интернет колдонуучуну робот эмес экенин далилдөөнү суранат. Ар дайым жыйынтыгы бир эле – мобилдик эсептен каражаттар алынат. Мындан тышкары көп учурда банктар жана төлөм жүргүзүү сиситемалар тарабынан төлөмдү тактоо үчүн жөнөтүлгөн SMS билдирүүлөрдү кармап калып, алдамчыларга жөнөткөн колдонмолор дагы бар. Эгерде алар кандайдыр бир жол менен сиздин жашырын сөзүңүздү билип алышкан болсо, сиздин эсебиңиздеги каражаттарды оңой эле ала алышат.
  • Персоналдык маалыматтарды ачуу. Шылуундар акча каражаттарыңызды алып эле тим болушпайт. Айрым зыяндуу колдонмолор киргизилип жаткан текст, GPS-координаттар аркылуу же микрофондогу үндөрдү тыңшоо менен сиз тууралуу маалыматтарды билип алышат. Натыйжада, мисалы сиз социалдык тармактагы аккаунтуңуздун жашырын сөзүн кантип билдирип койгонуңузду өзүңүз дагы билбей каласыз.

Эгерде сиз жогоруда баяндалган жагдайдан арылууну жана акча каражатыңызды сактап, жеке маалыматыңыздын коопсуздугун камсыздоону кааласаңыз анда:

  • колдонмолорду шектүү булактардан жүктөп, орнотуудан алыс болуңуз. Мобилдик алдамчылар зыян алып келүүчү колдонмолорду жайылтуу үчүн мобилдик жарнама менен активдүү колдонушат, ошондуктан мындай маалыматтан абайлаңыз. Көп учурда бул белгилүү оюнду расмий булактан жүктөө же смартфонго башка мобилдик колдонмолорду орнотуу жана ишке киргизүү жолу менен бонустарды/баллдарды топтоо жана сизге керектелген мобилдик колдонмону бонустарга/баллдарга алмаштырып акысыз орнотуу сунуш иретинде болушу ыктымал. Бул өндүү сунушталган колдонмолор зыян алып келүүчү ботторду алдын ала өзүнө камтышы мүмкүн.
  • колдонмону орнотуудан мурун талап кылынуучу укуктардын тизмесине көңүл буруңуз. Эгерде жөнөкөй оюн сизден SMS жөнөтүүгө жетки сурап жатса, бул ойлонуп көрүүгө себеп болмокчу.
  • эгерде сиз белгисиз колдонмонун автожүктөөчү баракчасына дарек жаңыртууга кабылсаңыз жана орнотуучу файлды көчүрсөңүз, анда жөн гана аны ишке киргизбестен өчүрүп салыңыз.
  • эгерде интернетте сиздин телефон номуруңузду же башка жеке маалыматты берүүңүздү суранып жатса, ким сурап жатканын тактап алыңыз. Көп учурда шылуундар ишенчээк колдонуучулардын телефон номурун гана сурабастан, социалдык түйүндөрдөгү аккаунттун паролун же банк картасынын маалыматтарын дагы сурап билип алышат.   

2.   SMS-шылуундук

Зыян алып келүүчү колдонмолор менен бир катар эле шылуундардын дагы бир нече амалы бар. Атайын сайттарды түзүп алып, кандай гана жол менен болбосун акы төлөнүүчү номурга SMS жөнөтүүңүздү суранышат (талап кылышат). Шылуундуктун  схемасы жөнөкөй:сизге пайда алып келе турган кандайдыр бир кызматты убада кылышат. SMS-шылуундар төмөндөгүдөй ыкмаларды пайдаланышат:

  • Күтүлбөгөн байге.«Сиз байге утуп алдыңыз! Байгеңизди алуу үчүн …номуруна SMS жөнөтүңүз»
  • Башка бирөөнүн акчасы. Эгерде Сиздин эсебиңиз капысынан эле акча каражаты менен толукталып калса, бир аз убакыттан кийин төмөнкүдөй  мазмундагы SMS келиши толук ыктымал: «Кечиресиз, жаңылыштык менен сизге 300 сом салып коюптурмун. Ушул номурга кайтарып берүүңүздү суранам». Эгерде абонент бир санга жаңылып башка абоненттин балансын толуктап алган болсо, компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылып, чыптасын көрсөтүп жана өзүнүн акчасын кайтарып ала тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.
  • Банктан келген SMS билдирүү. Эгерде сизге «Сиздин картаңыз бөгөттөлгөн. Толугураак маалымат төмөнкү ..... номуру боюнча» тексти менен билдирүү келсе, маалыматты тактоо үчүн банктын расмий сайтындагы көрсөтүлгөн номурларына чалуу аткарыңыз.

Кызыктырган жарнамаларга ишенип, түшүнүксүз сайттарда көрсөтүлгөн кыска номурларга  SMS жөнөтпөңүз. MegaComдун «Чалууларды жана SMSтерди чектөө» кызматы акы төлөнүүчү номурларга билдирүү жөнөтүүгө тыюу салууга мүмкүнчүлүк берет.

Шектүү сайттарга жана мобилдик колдонмолорду абайлап колдонуу жана алардын кесепетинен кандай жыйынтык чыгаарын билүү, сизди керексиз чыгымдан, убакытты пайдасыз коротуудан жана акча каражатыңыздын сактыгын камсыз кылмакчы.

Шылуундардын аракеттеринен алыс болуңуз.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы