Перейти на новый сайт
MegaCom: Кезектеги ыраазычылык катына татыктуу болду

MegaCom: Кезектеги ыраазычылык катына татыктуу болду

Бишкек шаардык мэриясынын  Дене тарбия жана спорт башкармалыгы MegaCom  компаниясына Ата Мекендик спортко көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Ыраазычылык катын тапшырды. 

Борбор калаабыздын мэри Албек Ибраимов үстүбүздөгү жылдын спорт жаатындагы эң маанилүү иш-чаралары болгон Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадалык оюндарга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, жана  да бул бараандуу эки иш-чарага тең  MegaCom мобилдик оператору башкы демөөрчү болгондугуна токтоло кетти.

Компания Бразилия өлкөсүндө мекенинин намысын коргогон спортчуларыбызга  каржылык жана маалыматтык колдоо көрсөткөн. Риодо өткөн иш-чара ата мекендик телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлүп, мекендештерибиз канча миллиондогон дүйнөлүк телеаудитория менен бирге Олимпиадалык оюндардын күбөсү болушту.

2016-жылдын март айында Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлгөн веломарштарга   миңдеген велоспортту сүйүүчүлөр жана дасыккан велоспортчулар да катышты. Мындан тышкары, MegaCom жыл сайын тоо-лыжа сезонунун ачылышына колдоо көрсөтүп келет.

Сөзүбүзгө аралжы, азыркы учурда мобилдик оператор футбол сүйүүчүлөрүн кубанычка бөлөп, «Ла Лига» футболу боюнча Испания чемпионатын түз алып көрсөтүүнүн Башкы демөөрчүсү.

Кыргызстандагы спорт тармагы - MegaCom компаниясы демөөрчүлүк көрсөтүп келе жаткан артыкчылыктуу багыттардын бири. 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы