Перейти на новый сайт
Мария Коробицкая: «Уулум – Олимпиадада жеңишке жетүүгө дем берет»

Мария Коробицкая: «Уулум – Олимпиадада жеңишке жетүүгө дем берет»

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын жолго узатуу иш чарасы өткөрүлдү, спортчулардын бир бөлүгү Риого аттанышты. MegaCom компаниясы «Инсандын таржымалы» долбоорунун алкагында спортчулар менен болгон маек куруусун окурмандарга тааныштырууну улантууда. Балким спортчулардын окуялары кээ бирөөнө үлгү болуп, спорт менен машыгууга дем берээр. Бүгүнкү маектешибиз – марафондук чуркоо тартибинде спортчу, жеңил атлет Мария Коробицкая. Спортчу Кыргызстан үчүн Риого төртүнчү олимпиадалык лицензияны утуп алып, азыркы кезде келээрки төрт жылдыктын оюндарында өлкөбүздүн намысын коргоого даярдык көрүүдө.

Мария, айта кетсеңиз, Сиз кайсыл жерден болосуз жана профессионалдык спортко кызыгууңуз кантип пайда болду эле?

Мен Бишкектен болом, спортко болгон кызыгуум мектептен сиңдим экөөбүз машыга баштагандан уланып келет. 2010-жылы Борисов Виктор Федоровичке машыгууга баргандан тарта спорт менен профессионалдык түрдө машыга баштадым.

Машыгууга көп убакытыңыздар кетет болуш керек...

Албетте, мен үчүн күйгөн жакындарыма, досторума жана курбу кыздарыма убакыт бөлө албаганыма ичимден кайгырам. Жакындарга жана туугандарга жолугушууга убакыт жок. Бирок алар менен ар дайым телефон аркылуу байланышып – өзүмдүн жетишкендиктерим, мелдештерге барганым келгеним тууралуу кеп курабыз.

Кийин эмне менен алек болоюн дедиңиз эле?

Мен балдар менен иш алып барып, машыктыруучу болгум келет. Менин өзүмдүн бир жарым жаштагы балам бар, анын чоңойгонун күтүп жатам. Ал чоңойгондо машыгууну чоогу баштайбыз.

Сиздин жаштарга болгон акыл насаатыңыз?

Мен сөзсүз түрдө жаштарга спорт менен машыгууну каалаар элем. Ден соолукту чыңдап, өзүн сергек алып жүрүүгө жана келбеттүү болууга – спорт өбөлгө түзөт.

Эмнеден баштоо керек?

Эң негизгиси көңүлдү түз коюп өзүнөн баштоо керек. Эч ким сизге келип колуңуздан кармап машыгууга жетелеп барбайт. Мектептен баштап көптөгөн секциялар бар. Жок дегенде дене тарбия сабагын калтырбастан сабакка катышуу керек.

Жеңишиңизди кимге арнайсыз?

Жеңиштеримди уулума арнайм, ал менин алга умтулуума дем берет. Уулдуу болгонум менин жашоомду туура нукка бурду. Албетте, кыйынчылыктар болду, бирок мен кылган ишим келечегибизге кереги тийээрин билдим. Алга умтулуп жеңип, мелдештерде утушка жетүүнү каалайм, анткени бул аракетим менен уулума үлгү болуп туура тарбия бере алам. Ошондуктан мен Омск шаарында лицензияны утуп алганда биринчи кезекте уулумду ойлодум. Мен ал жактан чуркап баратып, тараптарымды караганда кичинекей балдарды көрүп жаттым, алардын назары менин жеңишке жетээриме дем берип жатты.

Кимге ыраазычылык сөздөрүңүздү айткыңыз келет?

Апама чоң рахмат. Апам менин бош убакытым көбүрөөк болуш үчүн баардык аракетин көрөт жана дагы мага ишенип, мени машыктырууга көп күчүн жумшаган машыктыруучума ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биздин ири байланыш операторубуз MegaCom компаниясы, спортчуларга көңүл буруп көмөк көрсөтүүсү жылуу сезимдерди жаратат. Бул колдоо абдан маанилүү. Баардык мекендештерге рахмат, 100 пайыз күчүмдү жумшап жеңишке жетүүгө аракет көрөм!

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы