Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңешинин ардак баракчасы менен сыйланды

MegaCom компаниясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңешинин ардак баракчасы менен сыйланды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңеши «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азата Базаркуловду «Активдердин рентабелдүүлүгү»  ардак грамотасы менен сыйлады. Алдыңкы мобилдик оператордун мамлекеттин бюджетин толуктоодогу бараандуу салымы, б.а. дивиденддер, салыктар түрүндөгү которуулары жана аткарып жаткан натыйжалуу иши белгиленди.

«MegaCom тапкан кирешесин жалаң гана компаниянын өнүгүүсүнө сарптабастан, коомдун  өнүгүшү үчүн да жумшоодо, бул болсо өлкөбүздүн келечегин өнүктүрүүгө кошкон салымы экендиги бышык. Компания кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыздап келет, демек  абоненттерибиз өлкөбүздүн бардык жеринде жана дүйнө жүзүнүн каалаган булуң-бурчунда байланышта боло алышат. Биз татыктуу болгон сыйлык  биздин туура багытта бара жатканыбыздын далили» - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Корпоративдик жана социалдык жоопкерчилик компаниянын узак мөөнөттүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелинет. Анын алкагында  MegaCom компаниясы мобилдик сабаттуулукту жакшыртууга, сергек жашоого, спорт менен машыгууга үндөгөн жана калктын карапайым катмарына жардам көрсөтүүгө багытталган социалдык долбоорлорун ишке ашырып келет.

Ушундай эле сыйлыкка мамлекеттин үлүшү бар бир катар  компаниялар дагы татыктуу болушту: ««Манас» эл аралык аэропорту» ААК, «Кыргызнефтегаз» ААК, «Учкун» ААК, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК ж.б.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы