Перейти на новый сайт
Мурат  Рамонов: «Негизгиси – бул өзүңө болгон ишеним»

Мурат  Рамонов: «Негизгиси – бул өзүңө болгон ишеним»

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын Башкы өнөктөшү MegaCom мобилдик оператору «Инсандын таржымалы» долбоорун улантууда. Долбоордун максаты-  2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы өтүүчү жайкы Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар менен коомчулукту тааныштыруу. Бүгүнкү каарманыбыз- эл аралык таймаштардын көп жолу чемпиону, грек-рим  күрөшүнүн балбаны Мурат Рамонов.

 

Менин спортко келүүм чынында эле абдан кызыктуу болгон десем болчудай. Бир жолу досума келсем, ал үйүндө жок экен.  Анын машыгууга кеткенин айтышты. Мага кызык болуп,  ал машыкчу жерге бардым. Күрөшүп жаткан балдарды көрүп мен дагы күрөшкүм келип, күрөшкө жазылдым. Ал кез 2000-жылдардын башы эле. Ошол күндөн тарта грек-рим стилиндеги күрөш  жашоомдун эң маанилүү бөлүгүнө айланды.

Кайсы беттешүүңүз  эсиңизде калды?

2007-жылы мен Олимпиадалык оюндардын үч жолку чемпиону, дүйнөнүн тогуз жолку чемпиону жана Европанын 12 жолку чемпиону болгон, атагы алыска жеткен Александр Александрович Карелин менен күрөшүү бактысына туш болдум. Мен ал таймаштын эң жаш катышуучусу элем. Мен Карелиндин өзүн жеңдим. Ошол жеңишим мен үчүн бир жагынан таң калыштуу болсо, бир жагынан мендеги зор ишенимди жаратты.

Келээрки Олимпиада оюндарында өзүңүздүн даярдыгыңызды кандай баалайсыз?

Бир нерсени айтаар элем - мен жеңиш үчүн бардык аракетти көрөм. Бардык спортчулардай эле Олимпиадалык медалды алууну эңсейм. Үстүбүздөгү жылы биз тууралуу MegaCom тарабынан даярдалган роликтердин жана биздин сүрөттөр түшүрүлгөн баннерлердин жардамы менен көптөгөн күйөрмандардын  колдоосуна арзып келебиз.

Олимпиадага даярдык кандай жүрүп  жатат?

Даярдык абдан жакшы. Жакында эле Варшавада (Польшада) өткөн мелдештен келдик. Бул таймаш мен үчүн абдан жемиштүү болду, анткени мен атаандаштарымдын техникасын жана өз артыкчылыктарымды жана кемчиликтеримди салыштыра алдым. Мен  төрт жылдыктын негизги  оюндарына өзүмдүн 100 пайыз даяр экендигимди  сезип турам.

Акыркы кездеги Бүткүл орусиялык жеңил атлетика федерациясында допингге байланыштуу  чыккан ызы-чуу  тууралуу  оюңуз жана  допингге болгон жеке көз карашыңыз кандай?

Орусиялык спортчуларды лицензиядан четтетүүгө себепкер болгон мельдоний- жүрөктүн иштешине жардам берүүчү каражат. Машыгуу маалында жүрөк абдан көп чыңалууларга дуушар болот, ошондуктан бул дары-дармек ар бир спортчуга керек. Ошондуктан менин оюмча бул маселени  саясий кампания катары кароого болот. Ал эми допинг тууралуу айтсам, мен допинг колдонбоого аракет кылам жана  өзүмдүн ден соолугума көңүл бөлүп келем.

Жаңыдан спорт менен машыга баштагандарга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

Эң негизгиси – бул өзүңө болгон ишеним. Машыгуу канчалык оор болсо, таймаш ошончолук жеңил болоору бышык.

Өзүңүздүн жеңишиңизди кимге арнайсыз?

Жеңишимди сүйүктүү өлкөм Кыргызстанга жана бардык кыргызстандыктарга арнайм.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы