Перейти на новый сайт
Раида Толокова: «MegaCom – бул ар дайым алга умтулууга дем»

Раида Толокова: «MegaCom – бул ар дайым алга умтулууга дем»

MegaCom компаниясында «10 жыл бирге» корпоративдик долбоорунун алкагында, мекеме түптөлгөн күндөн тарта иштеген кызматкерлери менен маек куруусун жарыкка чыгарууну улантууда. Компанияда жаңыдан эмгектене баштаган күндөрү тууралуу эскерүүлөрү жана ийгиликке жетиш үчүн өз ишине чоң маани берген оюу менен кардарлар менен иш алып баруу боюнча жетектөөчү адис Раида Толокова бөлүштү. 

MegaComдо карьераңыз эмнеден башталды?   

Менин компаниядагы иш тажрыйбам 2006-жылы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборундагы Кардарлар менен иш алып баруу адисинен башталган. Ал кезде компаниябыз телекоммуникация базарында жаңыдан түзүлгөн мекеме эле, биздин негизги максатыбыз бул келечектеги абоненттерге негизги баалуулуктарды, артыкчылыктарды жана MegaCom жөнүндө түшүнүктү жеткирүү болчу. Бул жөн гана мобилдик байланышка кошулууга түрткү болбостон, абоненттин бир командага таандык экенин сезүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Биз сапаттуу жана кесипкөй кеп-кеңеш бергенге жана ар түрлүү эрежеден тышкары болгон шарттарга ыкчам чара көрүүгө жооптуубуз. Ал кезде мага коюлган жооптуу жана чоң мааниге ээ болгон милдетти аткара аламбы деген суроо пайда болгон. Азыркы кезде кам санабастан айта алам, тандаган жумушума сыймыктанам жана аткарган ишимен ыракаттанам. Ар бир жолу ыраазы болгон абоненттерди көргөндө, аткарылган иштин бекер болбогонун түшүнөм.

Биринчи жумуш күнүңүз эсте калганбы?

Ал майрамдык маанайга бөлөнгөн күн эсимде. 2006-жылы 4-августта ошол кездеги чоң соода түйүндөрүнүн бири болгон «Vefa center» соода борборунун ачылышы болгон, соода борборунун баардык ижарачылар, анын ичинде биздин компаниядагы дагы салтанаттуу ачылышка даярдык көрүш үчүн эртең менен эрте келгенбиз. Абдан толкундандык. Акыркы даярдык көрүү, эң керектүү маалыматты кайталоо анан мына көп сандагы абоненттердин агымы биздин компаниянын кеңсесине кире баштады. Ошентип менин биринчи жумуш күнүм башталды. Мен биринчи тейлеген кардар, келишимди кайра түзүүнү каалады. Ката кетирүү коркунучунан келишимди кайра түзүүм адаттагыдан биртике узагыраак болгон. Азыркыга чейин биринчи тейлеген кардарымдын чыдамына ыраазымын. 4-августта түйүнгө 100дөн ашуун абонентти кошконбуз, бул биз үчүн чоң жетишкендик болгон. Анткени ар бир жаңы абонент – биз үчүн кубаныч жана жеңиш!

MegaCom сиз үчүн бул эмне?

MegaCom мен үчүн биринчи кезекте бул алдыга умтулууга демилгем жана ал мени жакшылыкка үндөйт: канчалык MegaCom өнүгүп өрчүгөн сайын, мен ошончолук өсөм, канчалык мен өскөн сайын, MegaCom ошончолук өнүгүп өрчүп келет. Менин аткарууга максат койгон иштерим менен аткарып жаткан иштеримдин ортосундагы айрымачылык азайганын байкадым. Мага мурун масштабдуу болуп көрүнгөн долбоорлорду, азыркы кезде анча чоң эмес долбоорлор катары карап калдым.

Сиздин көз карашыңызда компанияны мүнөздөөчү 3 сөз?

Профессионалдык, ишенимдүүлүк, инновациялар.  

MegaComдо 10 жыл эмгектенүүңүз сизге кандай пайда алып келди?

10 жыл компанияда эмгектенип мен өтө баалуу жана керектүү жөндөмдүүлүктөргө: пландоо, өз убакытымды туура колдонуу, ар кандай маселелерди чечүү, койгон максаттарга жетүү жана өзүмдү алып жүргөндү үйрөндүм. Компанияда иштөө менен эбегейсиз керектүү тажрыйбага, ар түрлүү чөйрөдөгү билимге ээ болдум жана жеке мүнөзүм керектүү сапаттарга ээ болду. Өзүбүздүн сатуу түйүнүбүздүн өнүгүүсүнө катышуу менен өлкөбүздүн баардык жерлерин кыдырдым, ар бир аймактын кооздугун көрдүм, көп адамдар менен көрүшүп, таанышып Кыргызстан – бул чоң үй-бүлөө экенин түшүндүм. Мен компанияга жана кесиптештериме түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана иш тажрыйба үчүн ыраазычылыгымды айткым келет.

Эмне үчүн бул жерде иштегиңиз жана өсүүңүз келет?

MegaСom ишенимдүү байланыш менен өз абоненттерин камсыздап келет, мобилдик байланыш базарында алдыңкы орунга, тейлөө саптын жана көрсөтүлүүчү кызматтарды жогорулатууга умтулуп, өзүнүн кызматкерлеринин кесиптик жөндөмдүүлүгүнө көңүл бөлөт.  Ошондуктан бул мекемеде иштөө менен чоң мааниге ээ болгон ишке өз салымымды кошуп жатканымды сезип келем.

Сизге күн сайын жумушка келүүгө эмне дем берет?

Аткарган иштен чыныгы канааттануунун бирден бир жолу – бул ишти эң жогорку деңгээлде аткаруу. Мен өзүмө жаккан ишти берилүү менен аткарам.  

Сиздин көз карашыңызда компаниянын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Менин көз карашымда биздин мекемеде эмгектенген ар бир адам эмгекти сүйгөн, аткарган ишине кызыкдар, койгон максаттарына жетүүгө аракет көргөн, өзүнө жана айланадагыларга туура талапты койгон сапаттарга ээ болушу керек.

MegaComдо жаңыдан иштей баштагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Компания өз жамаатына, коюулган максаттарга жетүүгө аракет көргөн, өнүгүүгө умтулган, аткарган ишинин жыйынтыгын көрүүнү каалаган профессионалдарды чогултту. Жаңы кызматкерлерге алга умтулууну, жеткилең болууну жана чоң долбоорлорду ишке ашырууну каалайм.

MegaComдун 10 жылдыгына карата сиздин каалооңуз?

MegaCom кыска мөөнөттүн ичинде өлкөбүздүн телекоммуникация жаатындагы алдыңкы уюлдук компанияга айланды. Компания ар дайым өз ишинин масштабдарын жана эффектүүлүгүн жогорулатып келет. Биздин баардык пландарыбыз жана алга умтулуубуз жаңы жеңиштерге алып келээрине мен чын дилимден ишенем. Компанияга жана жалпы жамаатка берекелүү бакубат турмушту, жемиштүү эмгекти, арыбас кубаттуулукту, өркүндөп өсүүнү жана Кыргызстанга пайдасы тийген максаттарга жетүүнү каалайм.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы