Перейти на новый сайт
MegaComдон АКЦИЯ: 32 ГБ БЕЛЕККЕ!

MegaComдон АКЦИЯ: 32 ГБ БЕЛЕККЕ!

MegaCom компаниясы буга чейин болуп көрбөгөндөй укмуштуу «32 ГБ БЕЛЕККЕ» акциясынын ишке кириши тууралуу жарыялайт! Жөн гана *460 буйруусун терип MEGACOMдун 4G LTE түйүнүнө кош жана 32 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетине ээ бол.

Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошоордун алдында сиздин уюлдук телефонуңуз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин  системадан “SIM-картаңызды алмаштырыңыз” деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

Төртүнчү муундагы байланыш түйүнүн ийгиликтүү активдештирүүдө сиз автоматтык түрдө 4G түйүнүндө колдонуу үчүн 32 ГБ мобилдик интернетти белекке аласыз. Белекке берилген топтом трафиги бирдей бөлүктө 4 айга берилет: ай сайын түйүндөгү максималдуу ылдамдыкта 4 ГБ күндүзгү (08:00дөн 00:30ге чейин) жана 4 ГБ түнкү (00:30тан 08:00гө чейин).   

Акция тууралуу толугураак маалымат компаниянын сайтында.   

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы